Досу менен болгон сөз

Апендинин бир досу коңшу калаага шаарбашчы болуп көтөрүлөт. Көп жыл өткөндөн кийин Апенди досун издеп барат. Досу Апендинин алдына дасторкон жайгызып, тамактын түрлөрүн койдурат да, бирок тамак жегизбей көрүнгөндү сурай берет. - Менин үй-жайым жайындабы? - дейт шаарбашчы. - Кудайга шүгүр, сенин үй-жайың өз жайында, - деп, жооп айтат Апенди. - Уулум кандай жүрөт?

- Сонун! - Аялым кандай? - Мыкты! - Итим кандай? - Эң эле жакшы. Үйүңө жан жолотпойт.

- Атым кандай? - Шумдук! Сенин атыңдай ат күтсөк дегенде, элдин эки көзү төрт. Апендинин курсагы ач, тамак ичкиси келгени менен шаарбашчысынын иши жок, оозуна нан алдырбай: - Итим жүдөбөй жүрөбү? - дейт ал дале баягыларын кайталап. Апенди тажап, жинине тийгиси келет да: - Мен бери чыгаар күнү какап өлүп калды, - дейт. - Эмнеге? - деп, досу үрпөйө түшөт. - Сенин атыңдын сөөгүнө.

- Атым да өлдүбү? Эмне болуп? - деп, досу чындап корко баштайт. - Аялыңын сөөгүн көрүстөнгө жүктөп баратканда бели сынып өлүптүр - деп, Апенди ого бетер күчөтөт. - Эмне дейт, кокуй! Аялым да каза болду беле? Эмнеден?

- Күйүттөн. Уулуңдун күйүтүнө чыдай алган жок. - О кудай таала! Уулумдун жайын ачык айт! Ал да өлдүбү? - Ооба, үйүң кулап, там басып калган! - Демек, мен башка жакта тентип жүрүп, баарынан ажыраган экем да: үй да жок, аял менен баладан да ажырапмын, атым менен итим да өлүптүр!..- деп, досу бүк түшүп ыйлап киргенде, Апенди шашпай олтуруп курсагын тойгузган экен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)