Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Досмамбетова Канымгүл

Баш барак | Биографиялар | Досмамбетова Канымгүл

(1935, Ак-Суу району, Түргөн айылы -1978, Нарын ш.) - ырчы, обончу, актёр. дарыянын ырчылык шыгы айылдагы мектепте окуп жүргөндө эле банггалган. 1951-жылы Караколдогу облустун драма театрында, 1953-жылдан кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1953—58-жылы Кыргыз драма театрында, 1958—78-жылы Нарындагы М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштеген. дарыянын негизги чыгармачылыгы ырчылык менен обончулук болгон; театрда коюлган пьесаларда чакан ролдорду аткарган. Анын ырлары обондуулугу, элдүүлүгү, назиктиги, лирикалуулугу менен айырмаланат. «Ала-Тоолук чабанга», «Билгин жигит», «Кызыл өрүк», «Кыйылып турам», «Калкысам да кайыгыңда», «Жапггыктын көркү жар экен», «Табар элек бир паста», «Унутпадым», «Түш көрүүдөн тажадым», «Анда сен», «Колхоз талаасында», «Узатарда», «Замандашыма», «Көлүмдөй сүйдүм өзүңдү» жана башкалар ырларга оригиналдуу, мукам обондорду жараткан. Анын ырлары аспаптар, симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. Көп ырларын комуздун коштоосунда өзү аткарган. Обондорунун көпчүлүгү атайын жыйнактарга чыккан.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1308, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу