Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дөөтү

Баш барак | Адабият | Дөөтү

"Дөөтү" өнөрдүн ээси, темирчилик, зергерчиликтин ээси. Усталар узанаарда: "Дөөтү пайгамбарым колдосун" - дейт.

Байыркы эл Кыргыздар устакерчиликти өтө сүйүп, колдорунан тамган курал-жарактарына, зер жасалгаларына, ат жабдыктарына алыс-жакындан кардар түшкөн. Кымбат баага сатып алыша турган. Андай асем нускалар тарых, этнографиялык музейлерден орун таап, али да аларга суктанабыз. Кандайдыр уста узанып отурганда, белгисиз бирөө кошо узанып, ага жардам бергендей туюлган. Ушундан улам кыргыздар Дөөтүгө сыйынууга өтүшкөн.



Дөөтү кыпкызыл ысык темирди кармаса да колу күйбөйт экен, а темирди камырдай жууруйт экен. Дөөтү устанын өнөрүнө, чеберлигине куш баатыры ителгинин арданып ыйлап жүргөндүгү жөнүндө мындай мифтик баян айтылат: "Бир күнү, Дөөтү устага ителги келип: "Сиз менен мелдешейин дедим эле, эгерим, мен тегирмендин ташын жара тээп, жүрүүгө жаратпай койсом, мага алтын текөөр салып бересизби?" деген экен. Анда "Дөөтү" уста кой десе болбой, ителги асманга атырылып чыгып, типтик куушурулуп келип, тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга көкөлөп чыгып кетет. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче тегирмен ташка кадоо салып, тегирменди жүргүзө койгон экен. Ителги чуркап турган ташты кылчайып көрүп, Дөөтүнүн амалына, усталыгына таң берип, ызасынан ыйлаган бойдон кеткен экен. Дөөтү уста ителгинин балбандыгына таң берип, эгерим, ителги кайра кайрылып келип калчу болсо, алтын текөөр салып берер элем деп, ошол күндөн ушул күнгө күтүп жүрөт имиш". Дөөтү уста өнөрдүн атасы, усталыктын пири катарында элестетилип, наристе көркөм образ жаратылгандыктан, кыргыздардын тотемдик мифтерине кирет. "Дөөтү" устага сыйынуу, аны пир тутуу азыркы усталарга чейин уланып келген.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 1083, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу