Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дооронбек Садырбаев

Баш барак | Биографиялар | Дооронбек Садырбаев
Дооронбек Садырбаев1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз Республикасынын эл артисти – деген ардактуу наамдын ээси, 3-даражадагы Манас орденинин кавалери. Кесиби боюнча – кинорежиссер.



Көзүнүн тирүүсүндө 80 даректүү, 18 көркөм телекинофильмдерди тартып, 12 китеп, 1000ден ашуун аркыл мазмундагы: ыр, очерк, макалаларды жазып, мезгилдүү басма беттеринде жарыкка чыгарган.



Кинорежиссер Дооронбек Садырбаев аркыл кесиптеги он миңдеген адамдардын башын бириктерген түйшүгү мол кино өндүрүш процессинин жөндөмдүү жетекчиси катары жараткан: «Тизгинди бек карма», «Ата Журт», «Жер киндиги Жерге-Талда», «Журтумдун көрөңгөсү» деген даректүү, «Топчу», «Арман», «Түркүн тагдырлар», «Махабат дастаны», «Акбаранын көз жашы», «Кайран эл» сыяктуу көркөм кинотелефильмдери үчүн бир нече жолу бүткүлсоюздук жана эл аралык кинофестивалдардын абройлуу байгелерине ээ болгон.



Орус, кыргыз тилдеринде жарык көргөн: «Өзөктүн өртү», «Визитка», «Топчу», «Күтүү», «Жалгыздын жары кудай», «Арамзалыктын анатомиясы» деген китептери, “А. Акаевдин президенттиги мөртө-шорто”, “Дарбыз бышып калды”, “Баш кесер болгум келбейт”, “Сокур орой, таз кыйык заман”, “Макирөө маселе”, “Карайлаган там сүзөт”, “Үмүттүн долбоору” сыяктуу карапайым калктын мүдөөсүн көздөгөн устаранын мизиндей курч публицистикалык макалалары жана каралып жаткан кандай гана маселе болбосун ага карата өз көз карашын айта билген тайманбастыгы менен кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал саясатчы.



Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам Чыгаруу жыйынынын биринчи, экинчи, үчүнчү чакырылыштарына депутат болуп шайланган.



Дооронбек Садырбаевдин саясатчы катары “Ошондо гана, эгерде, бир адамдын керт башына сыйынуу адаты апаты болсо үйүгүшкөн кылмыштуулуктун тамырына балта чабылып, экономиканын кескин ылдыйлашы басандап, бей-бечаранын көз жашын кургаткан адил заман келиши мүмкүн” деп айткан сөзү бар экен.



Дооронбек Садырбаев катуу оорудан кийин 2008-жылдын 28-майында каза болгон.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1092, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу