Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Доону камсыздоо

Доону камсыздоо – ишке катышып жаткан жактын арызы боюнча сот Д. к-го карата чара кабыл алышы мүмкүн. Эгер мындай чараларды кабыл алуу кыйынчылык туудурса же ал сот чечимин аткарууга мүмкүндүк бербесе, иштин баардык абалында Д. к-го жол берилет. Д. к. чараларына төмөндөгүлөр кириши мүмкүн: жоопкер тарапка тийешелүү болгон жана анын же башка бир жактын карамагында турган мүлккө же акча каражаттарына камак салуу, жоопкердин кандайдыр бир иш-аракетине тыюу салуу, башка жактардын ага мүлк берүүсүнө же ага карата дагы башка милдеттенмелерди аткарышына тыюу салуу, мүлктү камактан бошотуу тууралуу доону көрсөткөн учурларда мүлктү сатууну токтотуу, карызкор сот тартибинде талашып жаткан нерсени аткаруу документтери боюнча алуусуна тыюу салуу. Сот зарылдыгына жараша Д. к. боюнча дагы башка чараларды кабыл алышы, сот тарабынан Д. к-нун бирнече түрүнүн белгилешине жол берилиши да мүмкүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)