Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дөөлөр жөнүндө

Баш барак | Адабият | Дөөлөр жөнүндө

Кыргыздын мифтик түшүнүгү боюнча, дөөлөр көйкап чөлкөмүн мекендеген адам кебетелүү, бирок тулку бою тоо десе эки буттап жылган тоодой бою бар, жалгыз көздүү, же демейдегидей эле бирок бою, туруму опсуз чоң бир макулук экени элестетилет. Дөө Манас эпосунда мындай сүрөттөлөт

: "жылып жүргөн бир тоо бар, тообу десе дөбөдөй, маңдайынан бырышы, эл жайлоочу төр өңдүү, каш кирпигин караса, карагай токой жер өңдүү, маңдайында жалгыз көз орто толгон көл өңдүү". Кыргыз эл оозеки адабиятында "дөөлөр" Көк дөө, Кара дөө, Ак дөө, Сары дөө деген топторго бөлүнөт. Азыркы саркеч кино же компьютердик оюндарда "Троль" жана "Великан" деген ат менен белгилүү жандык биздин дөөгө түспөл.



Айрыкча атакту "Скайрим" компьютердик оюнундагы атап айткан троль жана великан кыргыздын мифинде сүрөттөлгөн дөөгө окшош, ошондой эле "Скайримде" байркы кыргыздын жоокерлери, курал-жарактары, маданияты абдан окшош, бирок бул башка сөз демекчи, дөөлөргө кайталы. Дөөлөрдүн бардыгы эркек болот экен да, алар жер үстүнө чыгып инсанаттын, көктө перилердин сулууларын ала качып кетет экен. Кыргыз жомокторунда, мифтеринде баяндалган окуяларга караганда, дөөлөрдүн кээ бирөө инсанат менен достошкон, алар үчүн кызмат кылып, душмандашкан дөөлөргө каршы күрөш жасоодо жардамдашканы баяндалат.



Кыргыз мифтик баяндарда дөөлөрдүн ортосунда күрөш жасаганы күч сынашканы болот экен. "Дөөлөр" жөнүндөгү мифтик баяндар кыргыздардын жомокторунда, эпосторунда аябай көп кезигет. Алардын образдары өтө таң каларлык даражада сүрөттөлгөн. Кыргыздардын мифтик баяндарында, дөөлөрдүн жандары денелеринде эмес чымчыктарда болуп алар башка бир нерселерде сакталары айтылат.



Дөөлөр жаратылышта, чындыкка болгон нерселер эмес, бул тек жоо жактын кароосун наристе элестетүү менен жаралган. Көркөм адабияттык образ болуп эсептелет. Кыргыз эл оозеки адабиятындагы дөөлөрдүн образынын жаралышы адабияттык баяндарды ого бетер көркөмдөтүүгө каражат болуп, адамзат өзүнөн ошончо чоң, ошончо күчтүү жоосун жеңе алат деген ишенимде туйгузган. Ушул мааниден караганда кыргыз эл оозеки адабиятындагы Дөөлөр образы адамдарды күрөшчүл, туушту болууга дүйнөдө жеңе албай турган эч кандай жоо жок экенине бек ишеним байлатууда аябай зор роль аткарып бергенин баамдайбыз.

Сайтка жарнама жайгаштыруу