Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дон Кихот

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Дон Кихот

16-кылымдын аягы. Испаниянын узак жана таштуу жолдору. Күн чакыйып, аптап акактатат. Бир күндүн ичинде бул жолдордон кандай гана жолоочулар өтүшпөйт! Бирде дыйкандардын бойго жеткен кыздары жылаң аяк чуркап өтүшсө, бирде кечилдер көңүлсүз чубай басып өтүшөт. Бирде саякаттап жүргөн мырза сеньордун жеңил арабасы зуулдап өтсө, бирде кишен салынган туткундарды айдап өтүшөт.

Тээ алыстан таң каларлык эки адам көрүндү. Бир караганда эле алардын демейдегиден башкача, бир кызык экендигин байкоого болот. Алар уламдан-улам жакындоодо, мына жакындан көрүндү. Бири узун бойлуу, өтө арык, астында көтөрүм кырчаңгы ат. Кыржыйган денесинде рыцарлардын соот чопкуту жаркырайт, мындай кийим эчактан кийилбей калгандыгына карабастан бул киши кийип алган. Башына туулганын ордуна жез чылапчынды көмкөрүп койгон.

Анын жанындагысы толук, болпоюп, бетинен каны тамат. Мингени шадылуу сур эшек. Алар көптөгөн кызыктуу окуяларды баштарынан өткөрүшкөн, алдыда дагы далай окуялар бар, булар кимдер? Эмне себептен жол жүрүп баратышат? Алардын ысымдарын эстеп калгыла: Дон Кихот жана Санчо Панса. Бул адамдарга көп кылымдар бою өздөрүнүн өсүп өнгөн Испаниясынын даңкын чыгаруу бактысы туш келген. Дон Кихот - испаниялык ак сөөк, жарды мырза. Ал күнүмдүк турмушун тынч, бейгам өткөрүп жүргөн. Анын бир гана кубанычы - рыцарлар жөнүндөгү романдарды окуу эле. Аларда ажыдаарлар жана каргашалуу сыйкырчылар менен кармашуу тууралуу, жер кыдырган рыцарлардын алсыздарга жардам берип, адилетсиз зулумдарды жазалагандыгы тууралуу айтылган.

Дон Кихот рыцарлардын мезгили капкачан эле өтүп кеткендигине ишенгиси келген жок. Ал жер кыдырма рыцарь болууну чечкен. Жоокер рыцардын эң алды менен мыкты ат болушу зарыл эле. Ал өзүнүн кырчаңгы атын токуп минип, ага Россинант деген уккулуктуу ат койду. Анын чыныгы соот чопкуту да жок эле. Ал темир кийимдердин эски, дат баскан калдыктарын таап кийди. Туулгасынын бет жапкычын тунуке менен картондон жасады. Ал чыныгы ат кошчусунун, курал ташуучусунун жоктугуна да анча кейиген жок. Бир аз кыйдыраак, бирок ак көңүл дыйкан Санчо Пансаны өзүнө кошуп алды.

Дон Кихоттун башында анын китептен окугандары менен кыялында жасагандарына өз көзү менен көргөндөрү аралашып кеткен. Мисалы, жел тегирмен ага каардуу дөө болуп көрүнүп, аны менен согушат... Байдын малчы баланы уруп жаткандыгын көрүп Дон Кихот балага болушат. Анткени кыйынчылыкта калган адамга жардам берүү жер кыдырма рыцардын парзы болгон. Дон Кихотту жана анын коштоочусун көп жолу шылдыңдап күлүштү, сөгүп тилдешти, ал турсун уруп да коюшту. Бирок Дон Кихот капаланбастан өзүнүн кыйын сапарын туруктуулук менен уланта берди. Эски китептерди көп окуп, аларга ишенип алган апенди чалыш кызык киши болуу менен катар ал кайраттуу, ак көңүл асыл адам эле. Ишенимдүү Санчо Панса аны дайыма коштоп жүргөн. Булардын окуяларын атактуу испан жазуучусу Мигель Сервантес де Сааведра (1547-1616) ойлоп чыгарып, жазып калтырган.

Сервантестин өмүрү эмгек, кызыктуу окуялар менен өтүп, кайгы-муңга, эрдиктерге жык толгон. Ал согушта каармандык менен салгылашкан, деңиздеги уруштарга катышып, туткунга түшкөн. Туткунда аны качан акы төлөп куткарып алат деп көп жылдар күткөн, качууга да аракет кылган. Кийин мекенине кайтып келип, бүткүл Испанияны кыдырып чыккан. Дыйкан, солдат, кыдырма актёр, студент, бай жана кедей адамдар менен жолугушкан. Ал карапайым калктын кандай кыйынчылыкта жашап жатканын көргөн, аларга кандайча жардам берүү жөнүндө көп ойлонгон.

Мына ушулардын баары Дон Кихот жөнүндөгү китепке кирген. Сервантес бул китепти узак убакыт жазган. Аны жазып жатып, улам өзгөртө берген. Өзүнүн каарманы жөнүндө канчалык көп ойлонгон сайын аны улам көбүрөөк жакшы көргөн. Биз бул китепти окуй баштаганда адегенде Дон Кихоттун апенди чалыштыгына күлкүбүз келет. Анткени ал өз турмушундагы өтө жөнөкөй көрүнгөн нерселерди да түшүнбөйт. Ал өзүнүн алдына асыл максаттарды койгон, бирок аларды ишке ашыруу мүмкүн эмес эле. Мүнөзү ушундай адамдарды азыр да Дон Кихот деп коюшат.

Бирок Дон Кихотко күлүп эле тим болуп калбайбыз. Китепти окуп жатып акырындап бул адамды жакшы көрө баштайбыз, анын кылган иштерин жактырабыз? Китепти улам кайра окуган сайын анын кандайдыр бир жаңы жактарын таба бересиңер, ал силер үчүн барган сайын баалуу, кымбат боло берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1323, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо