Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Домра

Домра – орустун байыркы кылдуу чертме музыкалык аспабы. Плектр (медиатор) менен чертилет. Элдик музыканттар – скоморохтор анын ар кандай көлөмдөгү көп түрүн (домришка, домра, бас домра) жасашкан. 18-кылымдын 2-жарымынан музыкада колдонула баштайт. 1896–1900-ж. В. В. Андреевдин демилгеси боюнча 3 кылдуу Домранын пикколо, прима, альт, тенор, бас, контрабас деген түрлөрү өркүндөтүлүп, балалайкачылар ансамблинин курамына киргизилген. 1908–17-ж. П. Г. Любимов менен С. Ф. Буров 1-жолу квинтага күүлөнүүчү 4 кылдуу домра жасап, анын оркестрлик түрлөрүн (узундугу 445–1550 мм) жаратышкан. Азыр өркүндөтүлгөн (пикколо, тенор, альт, бас, контрабас) 3–4 кылдуу домра орус эл аспаптар оркестрлеринде ойнолот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)