Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Домна процесси

Домна процесси - курамында темири бар материалдан домна мештеринде чоюнду алуу. Кокс күйгөндө фурм зонасында пайда болгон көмүртек (2) оксиди менен темир оксиддери калыбына келишет:

алынган темир кокс, көмүртек (2) оксиди менен өз ара аракеттенишип, темир карбидин пайда кылат:

Муну менен бирге темир көмүртекти эритет. Натыйжада темир көмүртек менен байып, чоюнду (көп компоненттүү куйманы) пайда кылат, ал балкып эриген абалда домна мешинин горнуда топтолот. Шлак пайда болуу 10000С башталат. Акиташ ташы (флюс) ажыраганда пайда болгон кальций оксиди бош тоо-тектериндеги калыбына келбеген кремний, мрганец, алюминий оксиддери жана кокс күлү менен кошулуп ар түрдүү силикаттар, алюминаттар жана кальций алюмосиликаттарынан турган шлакты пайда кылат. Шлак тыгыздыгы чоюндукуна караганда аз болгондуктан ал чоюн үстүнө калкып чыгат. Чоюн менен шлакты домна мешинен атайын тешиктер аркылуу бөлөк-бөлөк чыгарышат. Д. п. жакшыртууну мешке үйлөтүлгөн абаны кычкылтек менен байытуу, коксту үнөмдөө үчүн суюк, газ түрүндөгү отундарды пайдалануу, басымды көбөйтүү менен мештин күл түшүргүчү аркылуу кирген газдардын агымын жөнгө салуу менен ишке ашырат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)