Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Доминанттуулук

Доминанттуулук - гетерозиготалуу особдун белгилерин аныктоодо гендин бир аллели экинчи аллелдин катышуусун чыгарбай басымдуулук кылуусу.

Толук эмес Д. - доминанттуу аллель белок - ферменттин активдүү формасына жооп берет, ал эми рецесивдүү аллель ошол эле ферментти маалыматтайт, бирок анын активдүүлүгү төмөн болот. Бул кубулуш гетерозиготалуу организмдерге өзүнүн фенотибин берет. Мисалы, түн чүрөгүнүн кызыл гүлдүү формасын (АА) ак гүлдүү (аа) формасы менен аргындаштырганда, биринчи муунда (Аа) мала кызыл гүлдүү өсүмдүк пайда болот. Мында аталык же энелик өсүмдүктөрдүн накта белиглери өөрчүбөйт.

Артык Д-та, доминанттык аллелдердин белгилеринин пайда болушу, гетерозиготалык абалда күчтүү болот. Мисалы, жемишчи чымындын өлүмгө дуушар кылуучу рецессиялык (а) мутациясы белгилүү, алардын, геретозиготалары (Аа), гомозиготаларга (АА) караганда, жашоого өтө жөндөмдүү болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)