Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Долоно

Бул жалгыздап кичирээк дарактай же топтошуп ири бадал түрүндө өсүүчү өсүмдүк. Ал негизинен токой өсүмдүгү болгону менен бакчага өстүрсө да болот. Долононун гүлдөрүнүн жыты жагымсыз, шагы тикендүү болот. Ошентсе да анын бутактарына кичинекей чымчыктар уя салат. Аларды кызыктырган дал ошол тикендер. Эгер силер өз багыңарга чымчыктарды үйүр алдыргыңар келсе, долоно отургузгула. Чымчыктар ага сөзсүз уя салып, балапан басып чыгарышат. Тикендери менен долоно душмандарынан коргонот, шагына коргологондорду да коргойт.

Кичинекей чымчык тикендүү бутактарды аралай эркин уча алат. Ал эми тикендер уя бузар эпсиз чоң куштардын жазасын берет. Долонодогу уяга мышык, карга, жапалак үкү жете албайт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1612, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо