Добулбас

Добулбас, доолбас (арабча-иранча дабылнуваз — барабанчы, барабан согуучу) — астыңкы, үстүңкү бетине төөнүн, пилдин териси менен тартылган цилиндр түспөлүндөгү негизинен согуштарда, мергенчиликте пайдаланылуучу барабан түрүндөгү урма музыкалык аспап. Казактын даулпазына окшош. Согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу үчүн Д-ты колго же ээрдин кашына илип коюп тоголок баш таяк менен ургулап кагышкан. Кыргыздын байыркы музыкалык бул аспабы "Манаста" да кеңири колдонулган.

Маселен, Манастын эшигинин алдында кырк балбан сакчысы менен кошо:

Ал эшиктин оозунда,

Пил терисин каптаган,

Кабар салчу добулбас,

Добушун уксаң оолак бас.

Жоо-жобуркай барганда

Ошондо качат балбаны,

Обдулуп турат зардалы,

Добулбас үнүн укканда

Баатыр Манас баш болуп

Кырк чоро тегиз чыкканда

Жакын барган адамдын

Чыга жаздайт далдалы (Сагымбай Орозбаков, 2. 41),— деп дайым даяр турган. Эпосто Д. көп түрдүү милдетти аткарган.

Күлөөчүгү күлдүргөн, Добулбасты бир салып, Жоо келерин билдирген Добулбас колго алганы, Жез чокморду көтөрүп Ортого чапты балбаны. Кулак тунуп кыйкырып Жоо келгенсип калганы (Сагымбай Орозбаков, 2. 45),— деп душмандын келерин кабар салса, бирде жоокерлерди чогултууга, бирде жоого жүрүшкө аттанганда, бирде жеңишти салтанаттаганда кагылган, бирде "Добулбас кагылып, тууга байрак тагылган". Ошентип, Д. согуштук музыкалык аспап болгон. "Манас" варианттарында чагылдырылган Д-тын добул, доол деген түрлөрү болгонун, алар бири-биринен көлөмү, жасалышы жагынан айырмаланарын жана Д-тай эле милдетти аткарарын музыка изилдөөчү Б. Алагушов белгилейт (Б. Алагушов, Ырдагы өмүрлөр. — Фр., 1988, 188-б.).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)