Дөрө-Суу

Дөрө-Суу, Чырпыкты – Ысык-Көл районундагы суу. Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүнүн Түштүк беттеринен агып түшүп, Ысык-Көлгө куят. Узундугу 35 км, алабынын аянты 128 чарчы/чакырым. Жалпы узундугу 69 км, 23 куймасы бар, ириси – Көл-Төр (23 км). Май–августта ташкындап, сентябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,27 м3/сек. Суусу мол болгон июль–август айларындагы орточо чыгымы 0,55 м3/сек, айрым жылдары декабрь–февралда соолуп калат, эң чоң чыгымы 2,0 м3/секга жетет. Суусу жай айларында толугу менен сугатка алынгандыктан, көлгө жетпей калат. Дөрө-Суудан 5 канал (чыгымы 1,12 м3/сек) башталат. Өрөөнүндө Чырпыкты кыш. жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)