Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Дөрө ашуусу

Дөрө, ашуусу Күнгөй Ала-Тоонун батышында. Дөрө сууларынын башында. Бийиктиги 3734 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 200—300 м. Ысык-Көлдүн деңгээлинен салыштырмалуу 2114 м жогору жатат. Ашуу неогенге чейинки түздүктүн тектондук жарака боюнча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гранит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тектеринен түзүлгөн. Түндүк Дөрөнүн төрүндө 3640 м бийиктикте мөңгү (аянты 2,4 чарчы/чакырым) жатат. Мөңгүдөн башталган Дөрө суусу Чоң-Кеминге куят. Ашуунун түндүк бети тик, аскалуу, түштүгү аскалуу, корум таштуу, мореналуу. Дөрө ашуусу аркылуу Ысык-Көл районунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бишкек, Алматы шаарынан чыккан туристтердин туруктуу жолуна айланды. Октябрь — май айларында ашууну кар басып, жабылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)