Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Дөрбөлжүн чопо кени

Дөрбөлжүн чопо кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Баетов кыштагынан 4 км түндүктө, Дөрбөлжүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1897–1914 м бийиктикте. 1968–69-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагын антропогендин борпоң чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон лёсс сымал кумайлуу чоподон турат. Катмардын калыңдыгы 2,5 –5,7 м. Кумайлуу топурак боз, саргыч боз түстө. Гранулометриялык курамы: 0,5 мм ден кесеги 0,46%, 0,5–0,1 мм – 45,86%, 0,01–0,005 мм – 11,90%, 0,005 ммден майдасы –41,78%. Ийилгичтиги 6,12%, суу сиңиримдүүлүгү 18,55%. Кумайлуу топурак "125", "150" маркасындагы кирпич даярдоого жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 89 миң м3, В–152 миң м3, С1–1142 миң м3, А+В+С1–683 миң м3, С2–108 миң м3. 1996-жылга карата калган запасы А – 11 миң м3, В–152 миң м3, С1–442 миң м3, А+В+С1–605 миң м3, С2 - 108 миң м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)