Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Дөдөмөл Тоо

Дөдөмөл тоосу – Молдо тоонун түштүк тармагы. Чамынды жана Кайыңды Нарын сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 20 кмге созулуп жатат. Акталаа районун аймагында. Туурасы 5 кмдей. Орточо бийиктиги 1700– 2100 м, эң бийик жери 2767 м (Караларча чокусу). Жону тайпак, Нарын капчыгайына караган түштүк - чыгыш капталы кыска жана тик (60–80°), ал эми түндүк-батыш капталы узун.

Чамынды өрөөнүнө карай жантайыңкы. Тоонун бийик түндүк-чыгыш бөлүгү карбондун кумдук, сланец, алевролит, конгломерат, кремний, жапыз түштүк-батыш бөлүгү неогендин конгломерат, кумдук, мергель тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа жана талаа (1400–1500 мге чейин), шалбаалуу талаа (карагай токою бар) ландшафт алкактары басымдуу. Чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)