Дизель отуну

Дизель отуну – нефтинин дизель кыймылдаткычтар күйүүчү май катары колдонулуучу бир кыйла оор фракциясы. Дизель отуну кысуу учурунда өзүнөн-өзү от алып кетүүгө ылайыктуу көмүртектин 12–16 атомунан түзүлгөн углеводороддун аралашмасынан турат. Алар 200дөн 360°Сге чейинки температурада кайнайт. Дизель отунунун сапаты цетан саны – углеводород-алкан (көмүртектин 16 атому) менен каныккан цетанга салыштырмалуу от алып күйүү ченеми боюнча мүнөздөлөт. Дизель отунунун автомобилдер үчүн цетандык саны цетанга туура келүүчү белгинин 40–50%ин түзөт. Дизель отуну эки түргө бөлүнөт: дистиляттык аз илээшкектүү, айлануу жыштыгы 800 мин–1жана андан көп же тез айлануучу кыймылдаткыч үчүн, өтө илээшкектүү калдыктуу (мотордуу ) жай айлануучу кыймылдаткыч үчүн. Дистилляттык отундун ар кандай климаттык зоналар үчүн бири-биринен тоңуу температурасы жана фракциялык курамы боюнча айырмаланган арктикалык, кышкы жана жайкы сорттору, ошондой эле күйүүчү май даярдоочу системасы (ысытуу, тундуруу, сепарациялоо) бар жана мындай системасы жок дизелдер үчүн арналган 2 түрү болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)