Дипломатия

Дипломатия – белгилүү бир мамлекеттин тышкы саясатына байланышкан милдеттерин, максатын жүзөгө ашыруу үчүн өкмөт башчысы же атайын органдар жүргүзгөн саясат. Адатта Д-ны кээде «тышкы мамилелер жөнүндөгү илим», «сүйлөшүү өнөрү» деп да аныкташкан. Д. термини Байыркы Грецияда чет өлкөлөргө жиберилүүчү атайын адамдардын өкүлдүгүн көрсөтө турган ишеним грамотасы – «диплома» деген бүктөлмө тактайдын атынан чыккан. Д. негизинен мамлекет жаралгандан кийин пайда болгон. Д-нын жолдору жана иш - аракети дайыма өзгөрүп турган. 15-кылымда чет өлкөлөрдө туруктуу өкүлдөр пайда болуп, Д-лык иммунитет, даражалар (Д-лык рангдар) келип чыгат. 17-кылымдан тартып эл аралык конференция, кон-гресстер чакырыла баштайт. Д-лык иштерди атайын элчиликтер, миссиялар же ишенимдүү адамдар жүргүзүшөт.

Алар Д-лык мыйзамдардын артыкчылыктарынан пайдаланат. Эл аралык укук Д-лык өкүлдөрдүн өздөрү иштеп турган мамлекетин ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербейт. Д-лык иштердин негизги түрлөрү: дипломатиялык өз ара сүйлөшүү, келишим (договор) түзүү, конференция, конгресс өткөрүү, эл аралык уюмдардын иштерине катышуу. 20-кылымда Улуттар Лигасы, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу ири эл аралык уюмдар түзүлгөн. Кыргыз Респ-сы суверендүү эркин мамл-ке айлангандан бери анын тышкы мамлекетер менен болгон Д-лык байланыштары күч алды. Кыргыз Д-сынын учурдагы максаты – өлкөнүн түпкү таламдарын чечкиндүү коргоо, эл аралык аренада, респ-да коомду жакшыртууга зарыл болгон бардык шарттарды түзүү, кыргыз элинин улуттук эркиндиги менен көз карандысыздыгын колдоо, башка мамлекетердин чоң-кичинелигин ылгабай суверенитетин урматтоо жана алардан да ошондой калыс мамилени талап кылуу. Кыргыз Д-сынын багыттарын, мазмунун жана методдорун иштеп чыгуу менен, ийкемдүүлүгүнө, бийиктигине умтулуу жана келечегине кам көрүү.

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)