Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Диатом балырлары

Диатом балырлары (Bacillariophyta) – бир клеткалуу микроскоптук майда жандыктар. Алар жалгыздап же топтошуп жашайт. Топтошкону жип, тасма, чынжыр, жылдызча жана формасыз плёнка түрүндө болот. Диатом балырлары – балырлардын эң көп таркалган тиби. Жер бетинин бардык бөлүгүндө кездешет. Туздуу, тузсуз сууларда, топуракта, нымдуу аскаларда, да рактардын капталында, мамык чөптөрдүн арасында жана башка жашайт. Диатом балырларынын протопласты цитоплазмадан, ядродон, бир же бир нече саргыч-күрөң хроматофордон жана клеткалык суюктардан турат. Көбүнчө вегетациялык бөлүнүү жана ауксоспоралар (өсүү споралары) менен көбөйүшөт. Ауксоспоралар пайда болору менен абдан чоңоюшуп, кийин жетилген клеткаларга айланат. Ауксоспоралар бир гана диатом балырларына мүнөздүү. Тузсуз сууларда, деңиздерде, көбүнчө планктондордо өсөт. Азыркы мезгилдеги деңиздер жана суу өсүмдүктөр дүйнөсү диатом балырларынын эволюциялык өрчүүсүнүн акыркы этаптарын далилдейт, көптөгөн байыркы түрлөр да сакталган. Алардын 2 классы, 12 миңден ашык түрү белгилүү. Диатом балырларыКыргызстандын балырлар дүйнөсүнүн 60–70%ин түзөт. Алар менен түрдүү суу жаныбарлары азыктанат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)