Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Дезинфекция

Дезинфекция (жугушсуздандыруу) — жугуштуу оорулардын козгогучтарын (бактерия, вирустар жана башка) жок кылуу. Дезинфекцияга дезинсекция (адамга зыяндуу курт-кумурска, кенелерди жок кылуу), дератизация (зыяндуу кемирүүчүлөрдү жок кылуу) да кирет. Дезинфекция күндөлүк (оорулуу жаткан жерде үзгүлтүксүз жүргүзүлөт), акыркы (оорулуу ооруканага жаткырылгандан же айыккандан кийин) жана алдын алуучу (ыпылас суу, таштандылар, адам көп чогулган имараттарды — вокзал, мончо, базар, дүкөндөрдү жугушсуздандыруу) болуп бөлүнөт. Дезинфекцияда механикалык, физиологиялык жана химиялык ыкмалар пайдаланылат. Механикалык ыкмага бөлмөнү жууп-тазалоо, кийим, төшөнчүлөрдү күбүү, чаң соргуч менен чаңын сордуруу, бөлмөлөрдү актап, сырдап, желдетип туруу кирет. Дезинфекциянын физикалык ыкмасына кургатуу, күн нуру, ультра кызгылт көк нур (сымап-кварцтуу лампа), таштанды, калдыктарды өрттөө, металл буюмдарды кызытуу, кайнатуу кирет. Дезинфекция камерасында суу буусу жана ысык аба пайдаланылат. Химиялык ыкмада кислоталар, жегичтер, хлор акиташы, хлорамин, фенол, крезол (лизол, нафтализол), формалин, сулема жана башка ар кандай концентрациядагы эритмелер колдонулат. Бир катар жугуштуу ооруларда дезинфекцияны үй шартында жүргүзүүгө туура келет. Ичеги инфекциясында (дизентерия, ич келте жана башка) бөлмөнү самындап же кир кетиргич каражаттар кошулган ысык суу менен тазалап, тез-тез желдетип турат, оорулуу колдонгон идиштер соданын 1%түү эритмесине, ич кийим, шейшеп, бет аарчы, сүлгүлөр атайын идишке чогултулуп, кир жуугуч күкүм же соданын 2%түү эритмесине чыланып, 15 мин. кайнатылат. Оорулууну багууда пайдаланылган буюмдарды (жылыткыч, төшөлүүчү клёнка, муз салгыч баштыкча жана башка) хлораминдин же бензол хлор фенолдун эритмесине чыланган чүпүрөк менен сүртүү керек. Жууркан-төшөктү чаң соргуч же хлорамин эритмесине нымдалган щётка менен тазалоо оң. Баш келте, кайталанма келте жана башка менен ооругандар жана аны менен бирге болгондордун кийим-кечеси, төшөнчүсү дезинфекциялык камерадан өткөрүлөт. Гриппте, кызылчада, паротитте оорулуунун идиш-аягын 2—3 жолу ысык суу менен жууп, бет аарчы, сүлгүлөрүн кайнатуу, жаткан бөлмөнү желдетип, полду 2—3 жолу хлораминдин 0,2%түү эритмеси менен сүртүү сунуш кылынат. Туберкулёздо оорулуунун жеке түкүргүчү болуп, бир аз суу куюп алып, түкүргүч толгондо ага 10 г кургак хлор акиташын салып коюп, бир сааттан кийин төгүү керек. Идиш-аягын, сүлгү, ич кийим, шейшептерин 15 мин кайнатуу зарыл. Мебелдерди керосин же «Полироль», «Глянец» жана башка суюктуктарына нымдалган чүпүрөк менен сүртүү керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)