Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Детектив

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Детектив

Детектив латынча детего - бетин ачам, ашкерелейм дегенди билдирет. Детектив - кылмыштын бетин ачуучу, күнөкөрдү из деп табуучу адам. Детективдер - кызык окуялуу адабияттардын сүйүктүү каармандары. Алар окурмандарды эң татаал жана табышмактуу чиеленишкен кылмыштарды чече алгандыгы менен таң калтырат. Алардын тарыхы жөнүндө өтө көп жазылгандыктан ал дагы бир мааниге өттү: кылмыш иштердин бетин ачуу жөнүндө жазылган көркөм чыгарма да детектив деп атала баштады. Мыкты детективди окуп чыгуу абдан кызык.

Анткени аргасыздан өзүңдү эң эле чиеленишкен кылмыш иштердин бетин ачкан адам катары сезип, эр жүрөк, кыраакы болууга, логикалык ой жүгүртө билүүгө аракеттенесиң. Бирок кээ бир балдар детективдерге ушунчалык кумарланып кетишкендиктен, башка китепти окумак турсун, уккулары да келбей калат. Мындан, албетте, окурмандардын рухий дүйнөсү жакырланат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1047, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо