Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Денсоолукка каршы кылмыштар

Денсоолукка каршы кылмыштар – КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдеринде каралган, башка адамдардын денесине, органдардын жана ткандардын анатомиялык бүтүндүгүнө, же алардын физиологиялык иштөөсүнө же болбосо илдетке чалдыгуусунан көрүнгөн, же патологиялык абалына залал келтирүүдөн, тышкы чөйрөдөгү аркыл факторлордун: механикалык, физикалык, химиялык, биологиялык, психологиялык таасиринен улам, ошондой эле инсандын денсоолугуна түздөнтүз коркунуч туудурган коомдук коркунучтуу күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик). Аларга: денсоолукка атайылап оор залал келтирүү, уруп-сабоо, уруп-согуу, кыйноо, башкалардыкына алмаштыруу үчүн адамдын органдарын жана ткандарын алдырууга аргасыз кылуу жана башкалар кирет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)