Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дененин гигиенасы

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Дененин гигиенасы

Дененин гигиенасы теринин таза болушун талап кылат, себеби тиричиликте анын мааниси чоң. Тери организмди сырткы чөйрөнүн таасиринен, микробдордун киришинен сактайт, газдардын жана жылуулуктун алмашуусуна катышат. Териде көптөгөн май жана тер бездери бар. Алардан бөлүнүп чыккан май теринин үстүн майлап, анын ийкемдүүлүгүн жана бир бүтүндүүлүгүн камсыз кылат. Тер менен бирге адамга керексиз болгон заттар бөлүнүп чыгып, ашыкча жылуулуктун бөлүнүшүнө көмөктөшөт. Булар менен бирге теринин үстүнө түлөгөн клеткалар чогулат. Эгерде денени жууп турбаса, анда теринин үстүндө микробдордун көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт, микробдор көбөйүп организмге терс таасирин тийгизет. Ден-соолукта болуш үчүн денени тез-тез жууп туруш керек. Айрым дененин ачык жерлерин, мисалы бетти, моюнду, тер бездери көп болгон колтуктун астын күнүгө жууп, күнүгө даарат алышы тийиш. Кол менен бардык нерселерди, ошондой эле оозго баруучу тамак-ашты кармаган соң, аны тамак ичээрдин астында, дааратканага баргандан кийин, эшиктен үйгө киргенде, ыплас нерсени кармаганда самындап жууп туруш керек. Баардык адамдар билгендей жок дегенде 1 жумада 1 жолу мончого түшүп, же ысык сууга самындап кириниш зарыл, анткени ансыз териде чогулган майдын, тердин калдыктарынан тазалана албайт.

Түлөгөн клеткаларды кетириш үчүн денени жышынгыч менен жышыйт. Мүмкүнчүлүк болсо, өзгөчө жай мезгилде күнүнө жылуу душ алса дурус. Деги, ар бир адам кирдегенде өзүн ыңгайсыз сезет, ал эми кирингенден кийин сергип калат. Баш көп учурда ачык жүргөн соң, чачтардын арасында май бездери салыштырмалуу көп болгондуктан, ал денеден бат кирдейт.

“Башты канчалык тез жууш керек” деген суроонун тегерегинде талаш-тартыштар көп. Бир кезде башты 7-10 күндө бир жууйт дешчү. Ал эми бүгүнкү күндөгү адистердин айтымы боюнча “баш канчалык тез кирдесе, ошончолук тез жуушу зарыл”. Өнүккөн чет мамлекеттердин кишилери күнүгө душка түшүп, күнүгө башын жуушат. Эгерде адамда андай зарылчылык болбосо, күнүгө башты жууштун кереги жок, себеби ар бир адамдын денесинин болобу же башынын кирдеши айырмаланып турат. Эгерде адам терчил болсо, баштагы май бездеринен май салыштырмалуу көп бөлүнсө, анда ал дагы салыштырмалуу тез кирдейт.

Ошондуктан жумасына канча жолу денесин, канча жолу башын жуушу зарыл экенин ар бир адам өзү чечет, бир гана нерсени эстен чыгарбаш керек, таза дененин жана баштын жыты жокко эсе. Башты жууштун да бир нече ыкмалары бар, анткени башты туура эмес жууса, анда чач түшүп, суюлуп, айрым учурда жок болуп калышы мүмкүн. Ал эми коюу чач адамдын, өзгөчө кыз-келиндердин көркү экенин ар бир киши билет. Жууй турган суу өтө ысык же муздак болбошу керек. Шордуу, же хлорлуу суу чачка зыян келтирет, ошондуктан башты кайнаган суу менен жууса дурус болот. Азыркы учурда түрлүү шампундар бар болгон соң, самын эмес, ылайыктуу шампун менен жуулат. Кээ бир адамдын чачы тез майланышат, кээ бирөөнүкү - кургак, башкалардыкы болсо нормалдуу, ошондуктан ар бир киши өзүнө ылайык шампунду тандап алат. Чачка ылайык шампунду колдонсо, ал чачты оңойт. Шампунду түздөн-түз чачка куйбайт, аны белгилүү өлчөмдө колго куюп, анан аны менен чачты көбүртүп, маңдайдан желкени көздөй массаж жасап жууйт. Эч качан чачты жулбашы же тырмабашы керек.

Башты биринчи жолу жууп чайкагандан кийин, экинчи жолу мурункуга караганда азыраак өлчөмдө шампунду алып дагы бир жолу жууйт. Андан кийин чачты абдан таза чайкайт, себеби кандай жакшы шампун болбосун, чачта калып калса терс таасирин тийгизет. Ошондуктан суу менен аябай чайкаш керек. Шампунь өзү негизги чөйрөгө ээ болгон соң, эң акырында бир литр сууга 1 чоң кашык суюлтулган уксус кошуп чайкашы дурус. Ошондо чач таза, жумшак болуп, жалтырап адамдын көркүн ачат.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 2763, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу