Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Денени чыңдоо

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Денени чыңдоо

Коркпойм аяз, аптаптан, Доктурлар да макташкан. Бүт балдардын баарынан Чымыр денем абыдан. Анткендиги башынан Спорт менен машыгам. Эринчектик кылбаймын, Ден соолукту чыңдаймын, Ар күн сайын мен улам Муздак сууга жуунам. Мындай чың денелүү болууга бардыгыңар ар дайым спорт менен машыгуу аркылуу жетише аласыңар. Денени чыңдоо үчүн акырындык менен көнүгүү зарыл экендигин унутпагыла. Адегенде күн сайын бир мезгилде, болгондо да эрте турганга үйрөнгүлө. Терезенин форточкасын ачып коюу керек. Зарядкадан кийин денеңерди сууланган муздак сүлгү менен сүрүнгүлө.

Акырындык менен мелүүн сууну жаба куюнуп, жуунууга өткүлө. Көчөгө чыгып кичине эле кыймылдаганда ысып кетпөө үчүн оронуп-чулганбоо, кийимди жылуу, жеңил кийинүү керек. Суукта тамагыңарга суук тийгизип албас үчүн моюн орогучту унутпагыла. Эртең менен чуркагыла, гимнастика ойногула, коньки жана лыжа тепкиле. Андан силердин булчунуңар чымыр болот. Жайында жылуу, ачык күндөрү таза абада - токойдо, өзөн жээгинде көбүрөөк болууга аракеттенгиле. Сууга түшкүлө, бирок суунун ичинде көгөрүп үшүп кеткенче жүрбөгүлө. Күнгө күйгүлө, бирок күн өтүп кетпесин. Топ жана башка кыймылдуу оюндарды ойногула.

Жүрүшкө чыккыла. Күн, аба жана суу биздин эң ишенимдүү досторубуз экенин эсиңерге туткула. Ысык-суукка көнгөн балдар башка балдарга караганда суукка байымдуу келип, аз оорурун атайын изилдөөлөр далилдеген. Денени чыңдап, чыйрак болгула!

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1080, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу