Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ден-соолукту чыңдоо

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Ден-соолукту чыңдоо

Азыркы жашоо шартында, жылуу үйдө жашаган, машинеге түшкөн, кир жуучу машинаны колдонгон адамдын организми “бакма” болуп калды. Ошондуктан берилген ден - соолукту адам чыңдабаса, аны жоготуп алышы мүмкүн. Суу, аба, күн жана кыймыл организмди чыңдоонун негизги каражаттары болуп саналган соң, муздак абага жана сууга көнүгүү абдан пайдалуу аракеттер. Төмөнкү температура зат алмашууну тездетет, организмдин коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт. Муздак аба жана муздак суу процедурасын дайыма колдонгондо жүрөк, кан тамырлардын иши оңолот. Кан тамырлардагы кандын жүрүшү тездейт, ички органдардан жылыган кан териге көп келе баштайт. Дем алууга да таасирин тийгизип, аны тереңдетип күчөтөт. Жайдын күнү жеңил кийинип таза абада сейилдикке чыгуу, туристтик жүрүштөргө чыгуу, таза, салкын абада уктоо, үйдө жыңайлак көп басуу, кышкысын лыжа тээп сейилдөө организмге жакттты таасир тийгизет.

Организмди чыңдоонун дагы бир жолу - эртең мененки таза абада колдон келсе чечинип алып көнүгүү жасоо. Бул көнүгүү, кан жүгүрүүнү жакшыртат, тери менен дем алууну күчөтөт. Сууга түшүү, андан кийин денени нымдапбекем сүртүү, сууну куюнуу, суу жаадыруу жана башкалар организмди чыңдоодогу суу процедурасы. Суунун температурасы канчалык төмөн болсо ошончолук жакшы таасир этет. Сууга көнүгүүдө суунун температурасы биринчи жолу 35°С, анан 5-6 күндөн кийин 33-34°С барабар болуш керек. Ошентип, акырындык менен суунун температурасы төмөндөтүлөт. Чыңдалган организм температуранын өзгөрүшүнө тез ыңгайланышат.

Организмдин бул касиетин, өзгөчө ачык бассейндеги температурасы төмөн болгон сууга сүзүү жакшы өөрчүтөт. Сүзүүнүн убакыты суунун температурасы менен айкалышы керек. Биринчи жолу сүзгөндө суунун жана абанын температурасы 18-20°С болсо, убакыт 50-60 минутка чейин созулса болот. Ал эми организмди чыңдаш үчүн ар бир 3-5 күндө сүзүү убакытын көбөйтүп, суунун температурасын төмөндөтүш керек. Организмди чыңдоонун дагы бир жолу күндүн нурларына кактануу. Нур таасир эткенде кан тамырлар кеңейет, кандын клеткаларын иштеп чыгаруучу органдардын иштери жакшырат, териде Д витамини жана меланиндин пайда болушу күчөйт. Күн процедурасын эртең мененки саат 11 чейин, абанын температурасы 18-20°С та 45-55 минут алуу керек. Жылына эч болбосо бир жолу тоого чыгып 6-10 күн болуп, анын таза абасы менен дем алса, организмге жакшы таасир берет.

Тоо климаты дем алууну, жүрөктүн жана башка ички органдардын итттин күчөтөт, жакшыртат. Ошону менен бирге тоого чыккан учурда кандын өлчөмү көбөйөт. Ден - соолукту чыңдаш үчүн туура тамактаныш керек экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Жайкысын, кышкысын канчалык жер - жемиштерди, жашылчаларды чийки түрүндө көп пайдаланса ошончолук организм витаминдер менен көп камсыз болот. Азыркы кезде адамдар витаминдерди жасалма препараттар түрүндө колдонушат. Эгерде аларды нормадан көп пайдаланса, аны гипервитаминоз, ал өтө аз болсо - авитаминоз дешет. Ашыкча витаминдер организмге терс таасирин тийгизет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 3305, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо