Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ден соолук жонундо

Бул чооң макалабыз "ден соолук жонундо" болмокчу, бул өтө маанилүү жана пайдалуу, андыктан, көчүрүп кагазга чыгарып да алсанар болот. Сергек жашоо түрү - ден соолукту коргоого, сактоого жана бекемдөөгө багытталган адамдын жүрүш-турушунун системасы. Бекем ден соолук ар бир адамдын негизги байлыгы.

Акыркы учурда техносферадагы жашоо, жаратылышты кыйратуучу күчтөрдүн көбөйүшү, социалдык мүнөздөгү коркунучтуу жагдайлардын көбөйүшү, күнүмдүк жашоодо туура жүрүш-туруш эрежелерин билбөө жана башка ар кандай себептерге байланыштуу калктын саламаттыгынын начарлоо тенденциясы айкын болууда. Ушуга байланыштуу калкты сергек жашоого үйрөтүүчү адаттарын иштеп чыгуу зарылчылдыгы келип чыгат.

Оруссиялык гигиенанын негиз салуучусу А. П. Доброславии (1842-1889-жж.) коомдук жана жеке ден-соолукту сактоо жана коргоо иш-чараларын иштеп чыгууда мамлекеттин ролун баса белгилеп кеткен. Өз ара тыгыз байланышта болгон, эки ажырагыс чөйрө социалдык экономикалык өнүгүү жана ден соолук конкреттүү тарыхый жана саясый шарттарда ишке ашат, жашоо деңгээли жана жашоо узактыгы өз ара байланыштын жыйынтыгына көз каранды.

А. П. Доброславин саламаттык - деп организмдин бекем физиологиялык тен салмактуулугун, аны менен бирге, андагы күчтөрдүн өсүшү, ошол күчтөрдү чыгымдаганга барабар. Медициналык мааниде ал саламаттык деп бардык жиберилген нерселер нормадан чыкпай аткарылган, организмдин физиологиялык абалын атаган. Өз ою боюнча коомдун саламаттыгы деп адамдын күчүнүн суммасына туура келген, эмгекке жарамдуу абалды түшүнгөн.

Ден соолук дегенге айрым авторлор тарабынан чечиле турган конкреттүү илимий же практикалык маселелердин чегинде аныктама берилген. Ошондуктан ар бир аныктама тигил же бул өңүттү, чекти же жалпы проблеманын бир бөлүгүн чагылдырат. Бирок маселе кандай гана түшүнүлбөсүн, бардыгында тең ден соолук биологиялык категория катары гана эмес, социалдык-экономикалык системаны аныктап турган социалдык категория катары бааланат. Жалпылап айтканда, ден соолук философиялык, социалдык-экономикалык жана методикалык адабияттарда ар кандай методологиялык ыкмалар менен түшүндүрүлгөн көп фактордуу, татаал жана динамикалуу түшүнүк.

Ден соолуктун аныктамасы 5 критерийден турат:
1) оорунун болбошу;
2) адам - курчап турган айлана-чөйрө системасында организмдин нормалдуу аракет кылышы;
3) айлана-чөйрөдө өзгөрүлүп турган жашоо шарттарга ылайыкташуу жөндөмдүүлүгү;
4) дене бой, жан дүйнө, акыл-эс жана социалдык толук кандуу жыргалчылык;
5) өзүнүн социалдык функцияларын толук аткара билүү жөндөмдүүлүгү.

Жалпыланган маанисинде ден соолук өз мүмкүнчүлүктөрүн баамдап, акыл менен колдоно билүү, айлана-чөйрөгө көнүү, оору менен жаракаттарга каршы туруу, өзү сактап калуу, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, өз жыргалчылыгын, жакшы жашоосун, тынчтыгын жана бактылуу абалын сактоо деп аныктама берсе болот.

Аныктаманы жалпылап айтканда, ден соолук бул адамдын жаш өзгөчөлүгүн, дени тазалыгын оптималдуу, физиологиялык, психикалык жана социалдык жактан аракстине карата адамдын жөндөмдүүлүгү катары жана адаттан тышкары шарттарга көнүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен кандай гана жумуш болбосун ишке болгон анын мыкты жөндөмдүүлүгүн шарттаган мүнөздөгөнгө болот. Демек, саламаттык түшүнүгү биологиялык, психологиялык жана социалдык деген үч өңүттөн турат.

Ошондой эле, генетикалык, социалдык факторлор менен аныкталуучу организмдин системаларынын абалы, дене бой жактан өсүшү, ооруп калуу жана ден соолуктун саны деген ден соолуктун кубаттуулугу сыяктуу түшүнүк дагы бар.

Жеке ден соолуктун формуласы, өзүнө оптимизм, минус: жалкоолук, зыяндуу адаттар (чылым чегүү, алкоголь, баңгизаттар), маалыматтарды системалуу эмес кабыл алуу; плюс: иш менен ден соолуктун режими, дене тарбия, денени чыңдоо, рационалдуу тамактануу, жыныстык катнаштардын гигиенасы, жеке гигиена, врачка өз убагында кайрылуу сыяктууларды камтыйт. Мекеме-ишканаларда, окуу жайларда бир адамдын жана жамааттын ден соолугу деген өз ара тыгыз байланыштагы категориялар байкалууда.

Мекеме-ишканаларда, окуу жайларда бир адамдын ден соолугу жана жамааттын ден соолугу категорияларынын тыгыз байланышы ачып көрсөтүлөт. Мындай учурларда курамдык бөлүгү болуп санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо, гигиеналык тарбия берүү, жамаат ичиидеги психологиялык климат, эс алуунун оптималдуу шарттары, жашоо чөйрөсүнүн мүнөздөмөлөрү эсептелген жамааттык ден соолуктун формуласы жөнүндө сөз кылуу керек.

Көпчүлүк тарабынан кабыл алынгандай, адамдардын ден соолугу жашоо түрү жана жашоо шарттары менен 50-55% га, айлана-чөйрөнүн абалы менен 20-25% га, генетикалык факторлор, тукум куучулук 15-20% га, саламаттыкты сактоо мекемелеринин иш-аракеттери 8-10%га аныкталат.

Ден соолук социалдык продукт катары биринчи кезекте мамлекеттеги адамдардын жашоо түрүнүн жетишкендиктери менен аныкталат, ал коомдук жана илимий иш-чаралар менен объективдүү, экономикалык жана адеп-ахлактык ылайыктуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.

Жашоо түрү - адамдардын күнүмдүк тиричилигипмн өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн, берилген коомдук-экономикалык формацияда аныкталган түшүнүк. Ал эмгек, тиричилик, бош убакытты колдонуу формасы, материалдык жана акыл ой керектөөлөрүн камсыздоо, саясый жана коомдук жашоого катышуу, адамдардын жүрүм-турумунун эрежелерин жана ченемдерин камтыйт.

Сергек жашоонун түрү - заманбап адамдын жашоосунун өтө маанилүү бөлүгү. Ал чыгармачылык жөндөмдүүлүктүн ар тараптуу ачылышын, коомдун кызыкчылыгы үчүн ар бир адамдын интеллектуалдык жана дене бой ресурстарын рационалдуу колдонуу жана жогорку адеп-ахлак моралына негизделген жеке муктаждыктарды ар тараптуу канаатандырууну камсыз кылат.

Сергек жашоонун теориялык негизин үч абал түзөт алар:
1. ден соолук тууралуу гигиеналык түшүнүк
2. комплекстүү иш чаралардын систсмасы катары сергек жашоо түрүнүн концепциясы.
3. адамды тарбиялоонун соңку максаты катары мындай жашоо түрүн калыптандыруу тууралуу түшүнүктөр түзөт.

Адамдын "ден соолук жонундо" билүүсү, жашоо түрү инсандын жана коомдун маданияты менен маанилүү даражада аныкталат жана калыптанат.

Коомдук ден соолукту сактоонун жана бекемдөөнүн негизги максаты - жаш муундун дене бой жана акыл-ой жактан өнүгүшүн гармониялуу камсыз кылуу.

Жаштар коомдун негизги резерви. Бул калыптануу процессиндеги динамикалуу курактагы топ, ден соолук өңүтүнөн алганда оңой жабыркаган, байкоонун өзгөчө ойлонулган системасына муктаж контингент. Ошону менен бирге эле өзүнүн спецификасына ылайык, өсүп келаткан организм алдын алуу жана сакаюу чараларына өтө активдүү жооп берет, бул болсо ушул иш-чараларды өзгөчө натыйжалуу кылат.

Жаштардын контингенти ар түрдүү (окуучулар, жумушчулар, студенттер, жаш адистер). Ар бир топтун жана ар башка жыныстагылардын өзүнө тиешелүү физиологиялык, психологиялык өзгөчөлүктөрү бар. Демек, ден соолукту бекемдөө жана калыптандыруу формаларын, ыкмаларын аныктаган учурда дифференцирленген мамиле керек болот.

Жаштардын сергек жашоо түрүн калыптандыруунун натыйжалуулугу алардын жашоо позициясы жаңы гана иштелип, өз алдынча чөйрөнү кабылдоосун күчөтүп, улан-кыздарды өзүлөрүнүн жашоо кредосун негиздеген изилдөөчүлөргө айлантат. Жаш кезинде калыптанган нерсе, бүткүл өмүрүнүн пайдубалы болуп кала берет.

Сергек жашоо түрүн калыптандыруу - бул көп пландуу, комплекстүү маселе. Аны ийгиликтүү чечүү үчүн бир нече жолу белгиленгендей мамлекеттик жана коомдук механизмдердин бардык бөлүктөрүнүн аракеттери керек. Бул максатка жетүү үчүн финансылык каражаттар менен бекемделген программа жана стратегия керек.

Адамдын ден соолугу көптөгөн нерселерге көз каранды: ички жана сырткы, табигый жана социалдык, космостук жана планеталык ж. б. факторлор. Адам үчүн булардын ар бири аныктоочу болушу мүмкүн, бирок коомдук саламаттыктын деңгээлин аныктоочу факторлордун таасири төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • Тукум куучулук (биологиялык факторлор) - ден соолукту 20%га аныктайт.
  • Сырткы чөйрөнүн шарттары (табигый жана социалдык) - 20%га.
  • Саламатыкты сактоо системасынын ишмердүүлүгү - 10%га.
  • Адамдын жашоо түрү - 50%га.

Кандай гана болбосун адамдын ден соолугун аныктаган эң негизи фактор, анын жашоо түрү болуп саналат. Эмгек жана эс алуу режими, кыймыл маданияты, дене бой жана акыл эс жигердүүлүгү, тамактануусу, ар нерсеге бышкандыгы, мамилелешүү жана баарлашуу маданияты, терс адаттары ж. б. Жашоо түрү бала кезинен түптөлөт, бала чоңойгон, үй бүлөнүн этносун, социумун, салт-санаасын жана салттарын чагылдырат. Жашоо түрү баланын ден соолугунун өсүшүнө жана бекем болуусуна өбөлгө болот (бул учурда сергек жашоо түрү жөнүндө сөз кылынат), адамдын ден соолугунун дараметинин төмөндөшүнө шарт түзбөстөн, анын жашоосунун генетикалык узактыгынын кыскарышынын себептери боло алат.

Ата-энелерлин эсине:

  • Адамдын жашоо түрү, анын жаш курагына дал келиш керек;
  • Адамдын жашоо түрү, энергетикалык жактан камсыз болушу керек;
  • Адамдын жамоо түрү, бекемдегич болугиу керек;
  • Адамдын жашоо мүрү. ритмикалуу болушу керек;
  • Адамдын жашоо түрү, эстетикалуу болушу керек;
  • Адамдын жашоо түрү, адеп-ахлактуу болушу керек;
  • Адамдын жашоо пгүрү, эрктүү болушу керек;
  • Адамдын жашоо түрү, өзүн чектей билиши (аскетикалык болушу) керек.

Окуучулардын саламаттыгын сактоодо ата-энелер менен педагогдордун иш-аракеттери төмөнкүлөргө багытталышы керек:

  • үйдө жана мектепте оптималдуу тышкы чөйрө шарттарын түзүү;
  • мектеп окуучуларынын эмгектенүүсүн жана эс алуусун үнөмдүү уюштуруу;
  • өз ден соолугуна жана айланасындагы адамдардын саламаттыгына, жүрүш-туруш маданиятына жана саламаттыкты сактоочу ишмердиктерге (саламаттыкты сактоонун билгичтиктерине жана ыкмаларына) аң-сезимдүү мамиле кылууну тарбиялоо.

Учурда дени сак жаш муундарды тарбиялоо көйгөйү орчундуу маселелердин бири болууда. Жалпы билим берүүчү мектеп бул маселени чечүүдө негизги ролду ойноого тийиш экендиги анык.

Заманбап мектептерде окуучуларлын саламаттыгы аларлын гигиеналык билимдүүлүгүнө жана жүрүш-туруш маданиятына, ошондой эле жашоо түрүнө көз каранды экендигин баамлап билген педагогдор керек.

Балдар жана өспүрүмлор менен аңгеме жүргүзүү ыкмаларынын маселелерин караган учурда аларды тарбиялоого билгичтиктерди жана ыкмаларлы түзүүчү иш-аракеттерди окутуп-үйрөтүү процессинде тарбиялоо ишинин жигердүү формасын пайдаланууга көңүл бурабыз. Окутуу процессинде ролго кирүү, тууроо ыкмалары колдонулат. Мисалы, окуучунун гигиенасы жана саламаттыгы темасы боюнча ролдук оюн ойногондо окуучулар адистерлин ролун аткарышат (врач-педиатр, нарколог, окулист ж. б.).

Адамдын организмин окутуучу сабактар боюнча практикалык сабактарда ден соолукта болуунун социалдык муктаждыгын негиздеген окутуу ыкмалары колдонулат.

Сабактарда окуучулар тигил же бул кырдаалдарда өздөрүнүн иш-аракеттерин, жүрүш-турушун баалашат. Бул болсо гигиеналык талаптарлы баамдап аткарууга өбөлгө болот. Мындай иш-аракеттер окуучунун өзүнүн жана айланасындагылардын ден соолугуна көнүл бурууга жардам берет. СПИДге каршы бүткүл дүйнөлүк күрөшүүнүн күнүнө, бүткүл дүйнолүк ден соолук күнүнө арналган конференцияларда дубал гезит, плакаттарды чыгаруу. конкурстарды уюштуруу салтка айланды.

Окутуунун биринчи жылдарында, мектепте окуучуларга гигиеналык билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу керек. Бала үчүн мектеп экинчи үйү болууга тийиш, ал жерден ага жетишип окууга эле эмес, ден соолугу жана коопсуздугу жөнүндө кам көрүлгөнүн сезип турганы абдан маанилүү.

Кенже мектеп жашындагы балдар окутуучу таасирлерди тез кабыл алышат, ошондуктан башталгыч мектеп ден соолук маданиятын калыптандырышы керек. Бул иш педагогдордон салттык эмес ыкмаларды талап кылат. Бул көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун бири болуп жалпы билим берүүчү мектептин башгалгыч звеносунда ден соолук сабагын өткөрүү эсептелет.

Ден соолук сабактары ден соолукту сактоо ыкмаларына балдарды окутуп-үйрөтүү үчүн колдонула турган, сакаюунун эң ийгиликтүү технологиясы. Биология сабактарында ден соолук жөнүндө маалыматтар - жашоодон алыс теориялар. Ал эми "ден соолук жонундо" сабактарынан алынган билимдер окуучунун күнүмдүк турмушунда колдонулат. Мындай сабактар өз алдынча ден соолугуна, дене боюна, психикасына байланыштуу иштерди аткаруу үчүн, өзүнчө бир полигон болуп эсептелет. Алар ролдук оюн түрүндө да өткөрүлсө болот. Оюн ойноодо балдар кызыгуу менен ден соолугуна кандай кам көрүү керектиги тууралуу маалыматтарды оңой эле алышат. Оюн жана сынактар алардын билимдеринин өнүгүшүнө, айлана-чөйрөгө, адамдарга ийгиликтүү мамиле кылууга түрткү болот. Окуучулар ден соолугу жана жашоосу үчүн кандай чөйрөлөр коопсуз (мектеп, окуу жай, жашаган үйү) экенин үйрөнүшөт. Мектеп окуучулары өздөрүнүн сырткы көрүнүштөрүн, акыл-эстүү жүрүш-турушунан көз каранды болгон табигый процессти баамдашат.

Акыркы жылдарда кызуу байкалгандай, өсүп келе жаткан жаштардын ден соолугундагы терс тенденциялар окуу жайларда жаны маселелерди жаратууда. Алардын ичинен эң маанилүүсү төмөнкүлөр:

  • дени таза болуу муктаждыгын тарбиялоо;
  • окуучулардын сергек жашоо түрүнүн маңызын илимий жактан түшүнүүсүн калыптандыруу;
  • сергек турмуш-тиричиликтин практикалык билгичгиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу.

Мугалимдер эң маанилүүдөн дайыма өз тарбиялануучуларынын ден соолугун жана өзүнүкүн сактай билүүдөн башташы керек. Ар бир педагог эч бир жаңычылдык, эч бир демилге, эч бир чыгармачылык окуучунун ден соолугунан жогору болбошу керектигин аңдап билүүгө тийиш.

Ар бир адам милдеттүү түрдө өз ден соолугуна кам көрүүсү зарыл. Келечекте көптөгөн көйгөйлөрдөн өзүн сактоо үчүн, бала кезинен кам көрүү керек. Азыркы учурда мектен окуучусунун сергек жашоо түрү анын кийинки бүткүл жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет. Учурда көп себептерге байланыштуу ар кандай оорулардын кооптуу тобунда турабыз. Начар экология, пассивдүү жашоо түрү, химиялык заттарды камтыган азык-түлүктөр, турмуш-тиричилик техникалары, уюлдук телефондор биздин ден соолугубузга олуттуу таасирин тийгизбей койбойт.

Мектеп окуучусунун сергек жашоо түрү анын абалынын, акыл-эсинин жана дене бой саламатыгынын негизи болуп эсептелет. Аны мектеп отургучунан эле баштап калыптандыруу керек, анткени ошол убакта, адамдын белгилүү бир жашоо түрү калыптанат жана аны кийин өзгөртүү кыйынга турат. Төрт критерийди сактоо өтө маанилүү. Мектеп окуучулары туура тамактануулары керек, дене бой жактан активдүүлүктү көрсөтүшү, күн тартибин сактоосу жана зыяндуу кылык-жоруктардан баш тартуулары керек.

Сергек жашоо түрү үй-бүлөдөн башталышы тийиш. Туура адаттарды тийиштүү сергек жашоо жүргүзгөн ата-эңелер гана калыптандырышат. Эң башкысы, окуучуга эмне терс таасирин тийгизээрин туура түшүнүү керек. Албетте, ата-энесин укпаган балдардын ата-энесин түйшүккө салган кыйла проблемаларды жаратуучу техникалык прогресстин укмуштары. Сөз компьютер жана сыналгы жөнүндө болуп жатат. Интернет пайда болгондон бери компьютердин окуучуга болгон терс таасири, анын көрүүсүн жана басыгын (осанка) гана начарлатпастан, моралдык келбетине да таасирин тийгизбей койгон жок. Ооба, окуучунун да, чоңдордун да, сергек жашоо түрү суроо алдында турат. 21-кылымла компьютердик көз карандылык деген көйгөй пайла болду. Бул көз карандылык психикалык оору деп эсептелет жана психиатрдын кийлигишүүсүн талап кылат. Сыналгынын маңдайында узак убакыт отуруу, башка пассивдүү убакыт өткөрүү сыяктуу эле толуп кетүү менен аяктайт. Ата-энелер окуучуларга компьютерде ойноону жана сыналгы көрүүнү чектей тургандай график түзүп берүүсү керек. Эң башкысы балдарга буларды жасоого таптакыр тыюу салбоо керек, мындай кылуунун натыйжасы күтүлбөгөндөй болуп калышы ыктымал.

Окуучунун туура тамактануусу чоң мааниге ээ. Бир күн аралыгында тамак менен углевод, май, белок, ошондой эле ден соолук жана организмдин өсүшү үчүн керектүү витаминдерди алуу керек. Туура эмес тамактануудан жаш кезде таптакыр каалабаган, ден соолук көйгөйлөрү келип чыгат. Окуучулар көбүрөөк күч жана энергиясын коротооруна көңүл буруу керек. ошондуктан алар тамак менен керектүү витаминдерди алуусу шарт.

Окуучунун сергек жашоо түрүнүн дагы бир критерийи дене бой жактан активдүүлүгү. Бул курагында пассивдүү убакыт өткөрүү таптакыр эле туура эмес. Балдар спорт же башка активдүү иш менен алектенүүсү абзел.

Азыркы учурда зыяндуу адаттар көптөгөн окуучулардын турмуш-тиричилигинде туруктуу жандоочулар болуп калды. Бул адаттарды жоюу үчүн мектепте, үй-бүлөдө мурдатан тарбия иштерин жүргүзүү керек, аракечтиктин жана чылым чегүүнүн зыяндуу натыйжалары тууралуу окутуп-үйрөтүү эмес, кеңеш берүү, айтып берүү керек.

Кандай гана учур болбосун адамдын "ден соолук жонундо" түшүнүгү жана саламаттыгы өзүнөн гана көз каранды. Эң башкысы мектем окуучусунун өз ден соолугун жаштайынан сактай билүүсүн үйрөтүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)