Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Дельфиндер

Дельфиндер (Delphinidae) – киттер түркүмүндөгү тукумча. Денесинин узундугу 1,2–3 м, кээ бир түрү 10 мге жетет. Дельфиндердин жонунда сүзгүчү бар, тумшугу узун жана тиши көп (70ке жакын). Суу да жакшы сүзөт. үн чыгаруу органы, борбордук нерв системасы, булчуңдары жакшы өөрчүгөн. Сырткы чөйрөдөн келген информацияларга сезгич. Дельфиндер колго тез үйрөнгөндүктөн, цирк жана лаборатория жаныбары катары океанариумда, дельфинарийде багылат. Дельфиндер 48 түрдү бириктирген 20 уруудан турат. Балык, моллюска жана рак сымалдар менен азыктанат. 1966-жылдан КМШ өлкөлөрүнүн деңиздеринде дельфиндерди уулоого тыюу салынган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)