Дегазация

Дегазация — адамдарды уулануудан алдын алуу максатында ууланган объектилердеги ууландыруучу заттарды зыянсыздандыруу же жок кылуу. Мында ууландыруучу заттар менен булганган жер, курулуш, аба, суу, тамак-аштар, кийим жана башка буюмдар тазаланат. Д-да механикалык, химиялык жана физикалыкхимиялык жолдор пайдаланылат. Д-нын механикалык жолу уу заттарды самын, сода жана башка жуугуч каражаттарды колдонуп, ысык суу менен жууп кетирүү, уу заттарды сиңирип алуучу чыпкаларды, эриткилтерди (бензин, керосин, ацетон жана башка) пайдалануу. Д-нын бул ыкмасын колдонгондо ууландыруучу заттар бузулбайт. Д-ны химиялык жол менен жүргүзүүдө химиялык заттар жана алардын аралашмалары пайдаланылат. Алар ууландыруучу заттар менен реакцияга кирип, уулуулугу аз же уу эмес продуктуларды пайда кылат. Бул максат үчүн хлор акиташы, моно-, дихлораминдер, жегичтердин суудагы эритмелери жана башка пайдаланылат. Д - нын химиялык жолу натыйжалуу жана кеңири колдонулат.

Д-нын физиологиялык ыкмасында ууландыруучу заттар ысык буу, күйгүзүү менен жоготулат. Ошондой эле объектиден ууландыруучу заттар өзүнөн өзү акырындык менен бууланып же абанын нымы менен аракеттенишинен бузулуп, табигый Д. жүрөрүн унутпоо керек. Бирок бул учурда ууландыруучу заттын таасири анын мүнөзүнө, жыл мезгилине, аба ырайына, ууланган материалга жараша болот. Мисалы, жайдын ысык күндөрү туруктуу уу заттар менен булганган жерлерге (иприт, люизит) терини коргоочу каражатсыз эле 10—12 сааттан кийин барса болот, ал эми кышында бул уу заттардын уулуулугу жазга чейин сакталышы мүмкүн. Үй шартында атайын дегазациялоочу каражаттар жок болгондо турак жайды желдетүү, самындуу суу менен сүртүү, буюмдарды кайнатуу, бензин, керосин, ошондой эле соданын эритмеси, жыгачтын күлү жана башка колдонулат. Хим. уулануу очогундагы турак үйдүн тегерегин жана ал жердеги объектилерди Д. жүргүзгөндөн кийин гана желдетүү керек. Мебелдер кир жуугуч күкүм, самындын эритмеси же бензинге нымдалган чүпүрөк менен сүртүлүп тазаланат.

Үйдүн полу 2 — 3%түү көмүр кычкыл сода же 5%түү жыгач күлүнүн эритмеси менен жуулат. Ачык идиштеги суу жана азык заттар колдонулбайт. Хим. уулануу зонасындагы майда суулар жана кудуктар дегазацияланат. Д-ны граждандык коргонуунун атайын бөлүмдөрү жүргүзөт. Тамак-аш көпкө кайнатуудан кийин пайдаланылат. Ич кийим, шейшептер соданын 2%түү эритмесинде 30 мин. кайнатылат. Д-ны противогаз, резиналанган комбинезон, фартук жана резина кол кап кийип жүргүзүү керек. Д. толук эмес жана толук болуп айырмаланат. Толук эмес Д. химиялык кол салуу болор замат жумушта колдонулуучу гана объектилерге (буюмдарга) жасалат.

Бул Д-ны жабыр тарткандар өздөрү жүргүзөт. Толук Д-да объектилер бүт бойдон тазаланат. Д. жасаган адамдар санитариялык тазалоодон өтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)