Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Даван мамлекети

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Даван мамлекети

Мындан көп миңдеген жылдар мурун дыйканчылыгы өтө жогору өнүккөн, 70ке жакын шаарлары бар, асыл тукумдуу жылкыларынын атагы алыска кеткен Даван деп аталган мамлекет болгон. Анын аймагы Фергана өрөөнүнүн борбордук жана чыгыш (бүгүнкү Кыргызстандын түштүгү) бөлүктөрүн камтып, биздин заманга чейинки 1миң жылдыктын акыры биздин замандын 1миң жылдыгынын 1-жарымында өкүм сүргөн. Борбор калаасы алгач Эрши шаары, кийинчерээк Гуйшань шаары болгон. Давандыктар жер айдашат, күрүч жана буудай эгишет, жүзүмдөн жасалган шарабы, сандаган асыл тукум жылкылары бар, деп кытайлар тамшанып жазышкан. Ушундай ажайып өлкөнүн тогуз жолдун тоомунда жайгашкандыгы жана алардын даңазалуу жылкылары чет элдиктерди кызыктырып, согушка себепкер болуп, 5-кылымдын ортосунда Даван мамлекетин толугу менен эфталиттер каратып алган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6578, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу