Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Дарвин Чарлз (1809-1882)

Болочок атактуу илимпоз Англиядагы Шрусбери деген чакан шаарда туулган. Ал бала кезинен талаа, токойду кыдырганды жакшы көрчү, айланадагы табиятты көңүл коюп байкачу. Чарлз өз байкоолорун китептен окугандары менен салыштыра турган. Ал үлүл кабыктарынан, минералдардан, куштардын жумурткаларынан кызыгуу менен коллекция чогулткан. Коллекция үчүн уядан бир гана жумуртка алып, калгандарына тийчү эмес. 1831-жылы жазында Чарлз Кембриж университетинин дин факультетин бүтүрөт, бирок дин кызматчысы болуудан баш тарткан. Аны курт-кумурскалар менен өсүмдүктөрдү изилдөө кызыктырган. Профессор Генслонун сунушу боюнча Чарлзды дүйнөнү айлануу саякатына жөнөп жаткан Бигл жел кемесине алышат.

Дарвиндин милдети геологиялык, зоологиялык жана ботаникалык коллекцияларды чогултуу болгон. Ал беш жылдык саякат жөнүндө Натуралисттин Бигл кемеси менен дүйнө жүзүнө саякаты деген китебинде кызыктуу жана так маалыматтарды келтирип жазган. Саякат учурунда Дарвин көп нерселерди терең байкап алар тууралуу абдан ойлонгон. Дарвин жер планетасында өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ар кыл түрлөрүнүн пайда болуу себебин табияттын өзүнөн издөө керектигине көзү жеткен. Чарлз Дарвин саякаттан кайтып келгенден кийин өзүнүн ой-пикирлерин далилдөөгө ар кандай фактыларды талыкпай чогулта баштаган. Дарвиндин ачкандарынын маңызы эмнеде? Адам жапайы табиятта жок көптөгөн өсүмдүк, жаныбарларды байырлаштырып, чарбачылыгында пайдаланат.

Албетте, булардын түпкү теги сөзсүз болгон. Мындан тышкары, алар ошол өсүмдүк менен жаныбарлардын көптөгөн сортторун, породаларын чыгарган. Капуста, алма, алмуруттун канча сорту, ит, кой, уй, жылкынын канча түрдөгү породасы бар экенин саноого аракеттенип көргүлөчү! Илимпоздор бул сорт, породаларды атайлап жасалма түрдө тандоо жолу менен чыгара алган. Айталы, жылкынын күлүк породасын чыгаруу керек болду дейли. Жүрүштү эки жылкынын жубунан туулган кулундардын эң күлүктөрү тандап алынат, андан кийин алардан туулган кулундардын мыктылары тандалат. Ушинтип улам кийинки күлүктөрү тандалып олтуруп, акыр аягында жылкынын эң мыкты күлүк породасы чыгарылат. Ушул сыяктуу учурларды изилдеп келип Дарвин: балким, жапайы табиятта да жаңы түрлөр тандалуу жолу менен пайда болор? деген божомолго келген.

Анткени жаныбар жана өсүмдүктөр адатта өтө көп тукум калтырат. Мисалы, ар бир дарактан жыл сайын урук түшөт. Бирок алардын бир азы гана ыңгайлуу шартта өнүп чыгып, дарак болот. Ал эми кээ бир балыктар миллиондогон урук (икра) чачат, бирок алардын көпчүлүгү өлүп жок болот. Аман калгандардан чыккан чабактардын ичинен айрымдары гана өсүп жетилет.

Калгандары ар кандай жырткычтарга жем болот же шарт ыңгайсыз болгондуктан өлүп калат. Шартка өтө ыңгайлангандары, эң күчтүүлөрү, эң шамдагайлары гана тирүү калып, артына тукум калтырат. Өсүмдүк жана жаныбарлар табиятта мына ушундай жол менен тандалат, Дарвин муну табигый тандалуу деп атаган. Дарвин дагы бир ачылышты жасаган. Адамдар бардык жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн максатка ылайык келүүчү тартипте түзүлгөндүгүнө илгертеден эле көңүл бурушкан.

Ар бир органдын же мүчөнүн бүтүндөй организм үчүн сөзсүз кандайдыр бир пайдасы бар. Бул органдын же мүзчөнүн түзүлүшү жаныбардын же өсүмдүктүн организмин анын тиричилик шартына же жашоо мүнөзүнө ыңгайлаштырат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)