Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Даркүл Күйүкова

Даркүл КүйүковаДаркүл Күйүкова — 1919-жылдын 29-октябрында жарык дүйнөгө келген жана сахнага 61 жыл чыгармачылык өмүрүн берген кыргыздын улуу актрисасы. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери, Ардак грамоталар, дипломдор, медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Табиятынан таланттуу, баамчыл, сахналык мыкты жөндөмү бар, сергек, терең акылдуу, талыкпаган мээнеткеч, 7 класстык гана билими бар Даркүл жүздөн ашык ролдордо ойноп, аялдардын кайталангыс лирикалык жана каарман образдарын түздү.

Алар Жаңыл Мырза, Чыйырды, Айганыш, Васса Железнова, Алмагүл, Леди Милфорд, Уулбала, Толгонай, Анна Андреевна, Курманжан датка, Гонерилья ж.б. Легендарлуу актриса кейипкерлердин кулк-мүнөзүнө сүңгүүдө жана сырткы окшоштуктарын берүүдө укмуштуудай жөндөмгө эгедер боло турган. Жүрөгү назик, алпейим алты баланын энеси Даркүл бүт жан-дили Мекени менен байланыштуу болчу, өз доорун, азыркы заманды терең жана толук сезер эле. Даркүл Күйүкова борбор шаардан алыс эмес Төкөлдөш деген чакан айылда көп балалуу (11 уул-кыздуу) кембагал адамдын үйбүлөсүндө туулган.

«Төкөлдөштүн төрт кызы» деген лакап атка конушкан Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Сайра Кийизбаева жана Сабира Күмүшалиева өздөрүнүн кайталангыс таланттарынын аркасында Кыргызстандын театр жана опера искусствосунун тарыхында түбөлүк калышты. Көп эле искусство ишмерлеринин тагдырындай Даркүлдүн театрга келиши да күтүүсүз болду. Анын балалыгы да көптүн бириндей өтүп жаткан. Күндөрдүн биринде алардын айылына борбордон жаш көрүүчүлөрдүн театрына жаш таланттарды ылгап алуучу адамдар келип калышты. Артист болгусу келген жоон топ мектеп окуучуларынын ичинен 7-класста окуган Даркүл Күйүкова менен Бакен Кыдыкеева тандап алуучулардын купулуна толот.

14 жаштагы секелек Даркүл Ажардын апасынын мүрзөсүн кучактап, жоктоп жатканын ойногону жаш театр ишмери К.Күмүшалиевге жагып, жаш кызды борборго театрга иштөөгө алып кетет. Даркүл ошол сыноого туш болбой калса, театрга болгон кызыгуусун адаттагы бир нерсе катары гана көрүп, кийин башка кесипте иштеп калса, балким жогоруда аталган образдарды Күйүковадай ойногон актриса чыгат беле, жок беле — ким билет. Ал өзү айткандай, «артист болбой, кызылчачы болсо деле алдына киши салмак эмес», анткени Даркүл адамдан башкача иштерман эле.

Күндөр өтүп, төкөлдөштүк Даркүл менен Бакен бир чети эже-сиңди, бир чети курбу-курдаш болушуп, дүйнөлүк драматургиядан Кыргызстандыкына чейин ошол кезде коюлган спектаклдерде ойношуп, жаштыктын, нары сулуулуктун наздуу күндөрүн баштарынан кечиришкен. Күндөрдүн биринде Даркүл аскер комиссариатында иштеген Өмүрбек аттуу жигит менен таанышып, жылдыздары табышып калат. Көп өтпөй экөө турмуш курушуп, бир жылдан соң кыздуу болушуп, атын Гүлайым коюшат. Аңгыча каргашалуу согуш чыгып, Өмүрбек майданга аттанат. Эрки күчтүү, кайраттуу Даркүл чычкандай кызын бооруна кысып, театрда ишин таштабай, жакшы үмүт менен жарын күтүп жүргөндө, андан кара кагаз келет.

Турмуштун соккусун көтөрбөскө арга барбы. Эркек мүнөз, кайраты катуу ал, кызын энеси Үрпүканга каратып коюп, башоту менен ишке киришет. Ал кезде театр К.Маликовдун «Жаңылын» даярдап жаткан. Адам болгон соң, кайгы унутулуп, турмуш өз жолу менен улана берет тура. Ушул учурда Даркүлдүн жүрөгүн чыныгы аялдык сүйүү уялап, ал бактысына чын эле жетчүдөй, ушуну менен өткөндөгүсү унутулчудай болуп жүргөн. Бирок бул жолу да тагдыр Даркүлгө далысын салды. Анын сүйгөнү билип туруп, билбегендей башкага баса берди. Даркүл ошондо да бир жолу өксүдү. Бул тууралуу ал кийин көп эскерген учурлары болгон.

«Жаңылдын» премьерасы болуп, Жаңылды Жаңыл мырза кылып ойногон Даркүл Күйүкованын драмалык актриса катары жылдызы «жарк» этти. Ушундан кийин биринчи жолу Бакен Кыдыкеева экөөнө «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам берилген. Ал кезде экөөнүн тең жыйырмадан жаңыдан өткөн кездери. Алар шаракташып көчөдө келатышса алдыларынан Касымалы Жантөшев чыгып: «Кыздар, бүгүн силер заслуга алган турбайсынарбы, куттуктайм!» десе, тигилер анын эмне экенин билбей туруп калышат. Сахна десе жандарын берүүгө даяр турушкан жаш актрисалар «заслугага» кызыкпай, сахнада ойноо менен гана жашап келишкен эле.

Ошол учурда Москвадагы ГИТИСти биринчилерден болуп бүтүрүп келген, аялы кайтыш болуп, Эмил, Жеңиш аттуу балдары менен калган Ысмайылбек Абдубачаев Үрпүкан эне менен бир короодо туруп калат. Ысмайылбек менен жылуу саламдан башка мамилеси жок Даркүл жумушта жүргөндө, энеси Ысмайылбекти байкап, кызына жакшы түгөй болоруна көзү жетет. Кызына бул жөнүндө айтса, көңүлсүнбөйт. Ошондо кыраакы кемпир түз эле: «Эгерде тилимди албасаң, топурагымды түйүп берем» деп шарт коет.

Даркүл акыры макул болгон соң, экөө балдары менен кошулуп жашап калышат. Бул 1946-жыл эле. Асмандагы Чолпон жылдыздай жанып чыгышкан Муратбек Рыскуловдун, Бакен Кыдыкееванын, Даркүл Күйүкованын театрдагы, кинодогу даңктуу доору жүрүп, көрүүчүлөр: «Бүгүн Муратбек ойнойт экен, эртең Даркүл ойнойт экен» дешип, алардын оюнун чоң окуя катары күтүп калышар эле. Коммунисттик партиянын мүчөсү, иштен эгерим кечигип койбогон Даркүл энеси, сиңдиси, Ысмайылбек экөөнүн балдары, кийин экөөнөн туулушкан Райма, Зулпукордун түйшүгү мойнунда болуп, ушунча киши эки бөлмө үйдө кабагым-кашым дешпей жашап турушту. Ал сахнада гана эмес турмушта да дулдул экенин көрсөтүп, аялдык, энелик парзды өз орду менен аткарып келди.

Сахнада каардуу Жаңыл болсо, үйдө балдарын эркелетип, жубайына камкордук көргөн жупуну аял эле. Балдарына эне да, дос да катары мамиле кылчу. Өзгөчө Зулпусун жакшы көрүп, эч нерсе жашырбай сүйлөшө турган. Даркүл театрдын парторгу, труппанын бригадири болуп, спектаклдерде башкы ролдордо ойносо да, чарчадым - деп айтып көргөн жан эмес эле... 1936-жылы Даркүл Жаш көрүүчүлөр театрына (ЖКТ-ТЮЗ) ишке орношот. Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасында Акылайдын, андан соң «Үйлөнүүдө» Күлүйпанын ролун аткарат. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры түзүлөт. Сахнанын ветерандарына (К. Эшимбеков, К.Жантөшев, О.Сарбагышев ж.б.) М.Рыскулов башында турган ЖКТнын тобу (Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, С.Жаманов, С.Күмүшалиева ж.б.) жана Москвадагы ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрү (Н.Кытаев, М.Ибраев, Ы.Абдубачаев ж.б.) кошулушат.

Театр согуштук-патриоттук темадагы И.Бехтеревдин «Полководец Суворов» жана А. Токомбаевдин «Ант» деген пьесаларын коюуга киришти. Бул пьесаларда Даркүл Күйүкова Софьянын жана Зайнаптын ролун ойногон. К. Жантөшевдин «Курманбек», Лопе де Веганын «Койлуу булак» жана К.Маликов менен А.Куттубаевдин «Жаңыл» баатырдык драмалары согуш учурунда коюлган этаптык пьесалардан болуп калды. Бул пьесаларда Даркүл Айганыштын, Хасинтанын ролдорун абдан ийгиликтүү аткарып, баатыр кыз Жаңылдын кайталангыс каарман образын түздү. 1936-жылдан 1997-жылдардын ортосунда Д.Күйүкова В.Шекспирдин «Отеллосунда» — Эмильянын, «Король Лиринде» —Гонерильянын, А.Островскийдин «Добулунда» — Кабаниханын, «Сепсиз кызында» — Агудалованын, М.Горькийдин «Егор Булычевинде» — Меланьянын, Ф.Шиллердин «Жүзүкаралык жана сүйүүсүндө» — Леди Милфордун, Б.Жакиевдин «Атанын тагдырында» — Оңолкандың ж.б. көптөгөн ролдорду ойноду.

Ж. Садыковдун «Манастын уулу— Семетей» спектаклинде Манастын энеси Чыйырдынын образын түзгөндүгү үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Семетейдин чоң энесинин образында ал картаң байбиченин акылмандыгын, элдик мүнөздү сонун берген. Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» спектаклинде Толгонайдын ролу актрисанын эң сүйүктүү жана кымбат ролдорунун бири эле. Ал бул ролду ойноодо чеберчиликтин туу чокусуна жеткендигин далилдеди. 1967-жылы ага театр ишмердүүлүгүнө кошкон салымы жана «Саманчынын жолунда» Толгонайдын образын жараткандыгы үчүн «СССРдин эл артисткасы» деген жогорку наам берилди. Ушул эле учурда Даркүл Күйүкова Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланып, бул коомдук милдетти абийирдүүлүк менен аткарды.

Өзүнүн театрдагы эмгек жолунда Даркүл өтө татаал ролдорду ойноду. Алардын бири немис драматургу Б.Брехттин «Өлөрман эне жана анын балдары» пьесасындагы Өлөрман эненин ролу. Эненин ролунда ал өз балдарын сактап калууга жанын аябаган, ошого карабай алардан ажырап калган аял-эненин образын ачкан. Бул образды түзгөндүгү үчүн актриса «Эл достугу» ордени менен сыйланган болчу. ГДР драматургдарынын СССРдеги фестивалында көрсөтүлгөн бул спектакль бөтөнчө белгиленген, ал эми Өлөрман эненин ролу үчүн Даркүл Күйүкова диплом менен сыйланган.

Д. Күйүкова Жоро кинофильминде — Жоронун энесинин, «Ак Мөөр» фильминде — Акмөөрдүн энесинин, «Күнөстүү аралда» — Айкыздын, «Ак кемеде» — бакшы кемпирдин, «Биринчи мугалимде» — Алтынайдын энесинин, «Космонавттар көчөсүндө» — Закурдаеванын ж.б. фильмдердеги ролдордо ойногон. Кыргыз ССР маданиятынын экс-министри Күлүйпа Кондучалова мындай деп эскерет: «Менин бактым бар экен, кыргыз сахнасынан укмуштай таланттуу актерлордун ойногон ролдорун көрдүм. Даркүл Күйүкованын ойногон бардык ролдору көз алдымда турат.

Ар бир образды жаратууда ал ушунчалык берилгендик, тыкандык жана аярлык менен ойногон, ар бир каарманына мүнөздүү бөтөнчөлүктөрүн таба алчу. Ал түзгөн Жаңыл мырзанын, Өлөрман эненин, Толгонайдын, Оңолкандын, Кабаниханын ж.б. каармандардын образдары кайталангыс. Адамдын жүрөгүнүн тээ түпкүрдөгү кылдарын козгогон анын укмуштуу үнүн бөтөнчө белгилеп кетер элем. Анын ар бир кыймылы, мимикасы залдгыларды дүркүрөтө кол чаптырчу. Ал жүрөгү сезгич, акылы сергек актриса эле. Даркүлдүн мүнөзүнүн бөтөнчөлүгү деп мен анын жөнөкөйлүгүн айтаар элем».

Даркүл депутат кезинде уулу Зулпукор менен келатса, бир дүкөндүн алдында бир нерсеге кезекке турган элди көрүп, ал да кезекке туруп калат. Уулу: «Мама, очереди жок эле албайсызбы, сиздин депутаттык мандатыңыз бар эмеспи» десе, «Кой, уулум, эл турса анткен болбойт» деп кезектин аягына чейин турган экен.

Даркүл Төкөлдөштүн төрт кызынын ичинен Бакен менен эң жакын эле. Аны «Бакелек» деп, Бакен да «Даки» деп, бири-биринин оош-кыйыш тагдырын, турмуштун сый-урматы менен кайгы-касиретин да чогуу көрүп келишти. Анда экөө тең балалуу болуп калган кездери. Бульварда келатышса аркасынан: «Чоң кыздар, киного кирбейлиби?» деген жигиттин үнү чыгат. Койкоюп түптүз бараткан Бакен кайрыла калып: «Ай жигит, биз кимбиз, билесинби? Бул Күйүкова, мен Кыдыкеева» дегенде, тиги: «Бакен эже, кечириңиз, сиздерди кантип билбейин, жаш кыздардай көрүнгөнүңүздөрдөн тийишпедим беле» дейт. Үйгө келишкенден кийин: «Бүгүн Даки экөөбүз жаш кыз болдук, ой ботом, бир жигит тийишип» деп Бакендин күлкү салганы да бар.

Тырмактай кезинен чогуу өскөн курбусунун машина уруп кетип өлгөнүн уккан Даркүл, бул дүйнөнүн Бакенди сыйлай албаган арсыздыгына кабыргасы катуу сөгүлгөн. Ал жетимишке чыкканча театрда иштеп, пенсияга да чыккан жок. Бутунун оорусуна байланыштуу гана иштебей калган. Бул оорусу гангренага айланып кетип, жаны көзүнө көрүнгөндө да жашоо үчүн күрөшүн токтоткон жок. Жогоруда Даркүл Күйүкованын театрдагы чыгармачылык өмүрү жөнүндө азыноолак сөз кылдык. Анын театр сахнасында, кинодо жараткан ролдорунан башка артында сүйүктүү балдары калды.

Мээрман эне, улуу актриса жөнүндөгү алардын кыска эскерүүлөрүн келтире кетели. «Мен бүтүндөй кыргыз элине белгилүү улуу актриса Даркүл Күйүкованын кызы экениме чексиз сыймыктанам, — дейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Райма Абдубачаева. - Мен үчүн ал баарыдан мурда энем, турмуштагы эң жакын кеңешчим болчу. Менин энем - менин сыймыгым, мен болсо - анын ишин улантуучумун. Даркүл деген ысымдын келип чыгышы жөнүндө «Даркүл - дары - гүл» дегенден чыккан деп, бир чети тамаша, бир чети чындап айтып калар эле. А чындыгында эле ата-энеси кызына атты ошол маани менен коюшканы чындык. Сыртынан мүнөзү катуу көрүнгөнү менен энем жүрөгү назик, мээримдүү адам болчу.

Ал балдарынын баарын бирдей көрчү. Энем: «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» деген макалды көп айтар эле. Ал өтө мээнеткеч болчу. Өзү менен бирге иштешкендерден да, өнөктөштөрүнөн да ошону талап кылчу. Иштемчил, мээнеткеч адамдарды абдан сыйлачу. Жасалмалуулукту жининдей көрчү. Энем Ош драма театрынын жаш актерлорун тарбиялоого зор салым кошкон. Ташкент, Москва, Ленинград искусство институт тарын бүтүрүүчү жаш артисттер өз ийгиликтерин жана кемчиликтерин апам менен жаап-жашырбай бөлүшүшчү. Алар энемдин адамкерчилигине жана чыгармачылыгына сүймөнчүлүк менен мамиле кылышып, аны «мээримдүү эне» деп аташчу. Мындай баага чынында эле мээримдүү, акпейил адам татыйт. Ал эми биздин кесибибизде мындай сапаттар өтө керек. Айрыкча алыскы айылдарды кыдырууда».

Уулу Зулпукор апасынын улуулугун ынтымактуу жана бекем үйбүлөнү тарбиялагандыгынан көрөт. «Согушта күйөөсүнөн ажырап, үч жашар кызы менен жалгыз калган аял энесинин талабы менен эки балалуу жесир калган Ысмайылбек Абдубачаевге турмушка чыгат. Анан жарык дүйнөгө биз - Райма, мен, Рысбек келдик. Ынтымактуу, бирдиктүү бекем үйбүлө болгондугунда апамдын салымы зор. Үйбүлөдө эртең менен баарыбыз бирге олтуруп чай ичүү салтыбыз болор эле. Жыпар жыттуу памил чай ичип рахаттана олтуруп, театр жөнүндө сүйлөшөр элек. Мен апам менен бардык сырымды бөлүшчүмүн. Мен үчүн ал чыныгы дос болчу. Апамдын үйбүлөсү өтө чоң, сүйгөн иши болгондугуна карабай, ал коомдук иштерди аткарууга да үлгүрчү. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. Апам ошонун баарына кантип үлгүрүп жүргөндүгүнө эмгиче таң калам. Илгери артисттер бригада-бригада болушуп сыртка командировкага кетишчү. Апам 70 жашка чыкканча бригадир болду, бул кыйла оор иш. Аттап-жөөлөп, арабага түшүшүп, артисттер айыл-кыштактарды кыдырышып, элге чыныгы искусство майрамын тартуулашчу. Буга элдин ыраазычылыгы чексиз боло турган. Ал театрсыз жашай алчу эмес, өмүрүнүн аягына чейин ал театр менен жашады. Бардыгыбызга, балдарына, үч күнөөдөн алыс болууну нускар эле: биринчиси - эч качан калп айтпагыла, экинчиси - бирөөнү ушактабагыла, үчүнчүсү - ууру кылбагыла дечү».

Рысбек Абдубачаев, кенже уулу: «Эне - дүйнөдөгү эң жаркын, назик, жагымдуу сөз! Эне бар жерде жылуу, ыңгайлуу жана ишеничтүү. Турмушта менин энем кандай болгон? Ал жөнүндө көп китеп жазса болор эле. Мен анда эң кичине болчумун. Ал театрда спектаклде ойночу, а мен болсом гримеркада чыдап олтура албай, театрдын ичинде басып жүрчүмүн. Ошентип жүргөндө бирөө: «Сенин энең ким?» десе, мен: «Менин энем эң аппак, эң сулуу» дегеним эсимде. Ал өмүр бою көрүүчүлөрүнө ыраазы болуп жүрдү. «Элим бар - ырысым бар, элиме рахмат!» дечү энем. Энеме табияттан кооз үн, боорукер жүрөк берилген экен. Ата-энебиз өтө меймандос болчу. Биздин үйбүлөнүн дайымкы меймандары Бакен Кыдыкеева, белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканова, актриса Aнвар Куттубаева, ал кезде али жаш Жамал Сейдакматова ж.б. болушчу. Биз чыныгы театр үйбүлөсүндө тарбияланып өстүк».

Акыры асылган дарт албай койбойт экен, Кыргыз улуттук театр искусствосунун улуу ишмери жетимиш сегиз курагында, 1997-жылы 20-мартта дүйнөдөн өттү. Бирок анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө калды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)