Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Дарий I

Дарий I, Дарая вауш – Биздин заманга чейин 522–486-жылы байыркы Персия падышасы, Ахеменилер династиясынан. Б. з. ч. 522–521-жылы «Өлбөстөр» деп аталган 10 миң армиясы менен Вавилон, Мидия, Персия, Маржана, Элам, Египет, Парфия аймактарындагы жана Орто Азиядагы скиф урууларынын көтөрүлүштөрүн басып, бир катар чарбалык, маданий реформаларды жүргүзгөн. Персиянын мурунку падышасы Кир IIнин Орто Азияда жашаган сактарга каршы басып алуучулук саясатын улантып, эки жолу жортуулга чыккан. Анын тушунда грек-перс согушу (б. з. ч. 500–499-жылы) болуп өткөн. Эл аралык сооданы өнүктүрүп, Ахеменилер дөөлөтүн чыңдаган.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)