Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Данияров Конокказы

Баш барак | Биографиялар | Данияров Конокказы

(1942, Жети-Өгүз району, Даркан айылы -1994, ошол эле жер) - инженер-зоотехник, Кыргыз Республиканын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1993). Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн (1964). 1983—86-жылы Алма-Ата жогорку партиялык мектебинде окуган. 1964—65-жылы Жети-Өгүз районундагы «Ала-Тоо» колхозунда (Даркан айылы) селекционер-зоотехник, 1965—68-жылы ошол эле колхоздо, 1968—70-жылы Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл тажрыйба станциясында (Челпек айылы) башкы зоотехник, 1970—72-жылы Жети-Өгүз райондук айыл чарба башкармасында башкы зоотехник жана начальниктин орун басары, 1972—76-жылы начальниги, 1976—81-жылы Куйбышев атындагы колхоздун (Саруу айылы) башкармасынын төрагасы, 1981—86-жылы Жети-Өгүз райондук эл депутаттарыныи аткаруу комитетинин төрагасы, 1986—87-жылы Ысык-Көл облустук агроөнөржайында башкы адис, 1987—91-жылы Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» совхозунун директору, 1991—94-жылы Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз мамлекеттик асыл тукум чарбасынын директору, 1994-жылдан Ысьпс-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын экономика жана салык боюнча инспектору болуп иштеген. Ал ишгин көзүн билген адис, дасьжкан уюшгуруучу катары белгилүү болгон. Медалдар менен сыйланган. «Ысык-Көл облусу» энциклопедиясынын спонсору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 491, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо