Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Данек жомогу

Баш барак | Жомок уламыштар | Данек жомогу

Данек дүйнөгө жаны келгенде жыланач болчу. Эч кандай көрүмү жок, ар ким карап кайдигер өтүп кетет. Бирок ичи толтура үмүт эле данектин. Ал данек алыс барып, суусу мол, күн ысык, топурагы жагымдуу жерге туруп, ошол жерден зор дарак болуп өнүп чыгууну эңсейт. Ооба, анын ичи толтура каалоо, үмүт эле. Ким аны ошондой жерге жеткирет, ким? Эч ким. Баары, чымчык да, карга да, же башка жандык да аны карабайт. Баардыгы башка жакка кетишет. Эмне издешет, ким билет. Жыланач данек бутакта көпкө турду. Ал тажап кетти. Ыйлагысы келди. Күн бүркөлүп, тунук тамчылар көктөн учуп келип тийүүдө. Асман ыйлап жатат.

Жер күлөт. Ый, күлкү аралаш. Данектин жүрөгүндө жаны сезим пайда болду. Аны өзү да толук түшүнө элек. Бирок ал дүйнөгө башкача карап калды. Ушул күндөн баштап данектин сыртын эң жука көк кабык каптады. Кабык күндөн-күнгө калындай берди. Данек да демин ичине алып, жалп эткен желге да, тып эткен тамчыга да, учуп жүргөн канаттууларга да ыраазылык, урматтоо менен карайт.

Данектин кабыгы калындап, ал мурдагыдай көпкөк болбостон, аздап агарып калды. Данектин сезиминде кандайдыр таттуулук пайда болду. Күндөр өтө берди, күн өткөн сайын данектин кабыгы актан сарыга айланды, сарыдан кызыл боло баштады. Дагы бир жумадай убакыт өттү. Данектин кызарган сырты ого бетер калын тартып, жумшак, таттуу болуп калды. Данек эми сабагынан бошоп, ушул жерге түшүп каламбы деп коркту. Коркуу жана кубануу аралаш. Данек бекер эле корккон экен. Күндөрдүн биринде бышкан мөмөнү тумшугу курч, канаттары күчтүү Чыйырчык келип, тиштеп алып, алыска учуп кетти. Бул убак күзгү бышыкчылык болчу.

Жайгаштыруу: 2016-12-23, Көрүүлөр: 3058, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу