Дакриоцистит

Дакриоцистит — көздүн жаш баштыкчасынын сезгенүүсү. Мурун бүтүүнүн, конъюнктивиттин кабылдоосу катары пайда болот. Көздөн жаш агып, чылпак чыгат. Жаш баштыкчасын мурун көңдөйү менен бириктирген жаш мурун каналчасынын бүтөлүшүнөн жаш агып чыкпай, баштыкчада чогулуп, ал анан чоюлуп чоңоёт. Жаштын чыкпай, баштыкчада чогулушу былжырлуу челдин, кошумча коңулдардын ооруларында, мурун травмасында жана башка болот. Туруп калган жаш микробдорго каршы касиетин жоготот, буга байланыштуу жаш чогулган баштыкчада инфекциянын өөрчүшү үчүн шарт түзүлөт. Көбүнчө чоң кишилерде, кээде жаңы төрөлгөн балдарда байкалат. Д-те хирургиялык дарылоо талапка ылайык.

Дарыланбаган Д. ар кандай кабылдоолорго алып келет. Ошондуктан Д-тин белгиси билинери менен врачка кайрылуу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)