Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

даанышман

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | даанышман

Созу элдики

Обону Мусаныкы

Атынды угуп алыстан,

Айлындан чочуйм барыштан.

Ашыктык оту желимдей,

Ансайын мага жабышкан.

Аман бол кайра коргончо,

Асылкеч курбум, даанышман,

Азабы калбас журокто,

Арзыган куну таанышсам.

Кабарын угуп алыстан,

Калкындан чочуйм барыштан.

Ашыктык оту куйгузуп,

Кайгыртып мага жабышкан.

Кош болгун кайра коргончо,

Кадыркеч курбум, даанышман,

Капасы калбас журокто,

Каалаган куну таанышсам.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 720, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо