Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Циолковский Константин Эдуардович (1857-1935)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Циолковский Константин Эдуардович (1857-1935)

Космонавтиканын улуу негиздөөчүсү Константин Эдуардович Циолковскийдин ысымы дүйнөгө белгилүү. К. Э. Циолковский Россияда Рязань шаарына жакын Ижевский кыштагында туулган. Атасы токой башчысы болгон. Бала кезинде чалдыккан скарлатина оорусунан кийин Константин Эдуардовичтин кулагы дээрлик укпай калган. Дүлөйлүктүн айынан бала гимназияга бара албай, өз алдынча окууга аргасыз болот. Чоңоюп жетилгенде ал мугалимдик наам алууга өз алдынча даярданып, экзамендерди ийгиликтүү тапшырат. Адегенде Калуга губерниясында, кийин Калуга шаарындагы окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштей баштайт. Мектепте физика жана математика мугалими болуп иштеп жүрүп, ал абада калкуу, авиация жана космонавтика боюнча эмгектерин жазган.

К. Э. Циолковскийдин Калугадагы музей-үйүнө баргандар анын жөнөкөй иш кабинетин, веранда-устаканасын жана анда окумуштуу өз колу менен жасаган үлгү приборлорду көрө алышат. Үйдүн чатырын ал обсерватория катары пайдаланган. Ал жерден анча чоң эмес дүрбү аркылуу күн, ай, жылдыз жана планеталарга байкоо жүргүзгөн. Анын эмгектери илимпоздордун көңүлүн буруп, чет өлкөлөргө белгилүү боло баштады. Сиңирген эмгеги үчүн Циолковский Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. К. Э. Циолковскийдин илимий эмгектеринин эң негизгиси космос ракеталарына жана алардын космоско учурулушуна багытталган.1903-жылы жазган «Дүйнөлүк мейкиндикти реактивдүү приборлор менен изилдөө» деген макаласында улуу илимпоз дүйнөдө биринчи болуп планеталар аралык учуулардын мүмкүндүгүн илимий түрдө негиздеген.

Циолковский ракета гана планеталар аралык кеме боло аларын далилдеген. Ал космос ракетасы үчүн өзгөчө химиялык суюк отунду: суюлтулган кычкылтек жана суутекти сунуш кылган. Өзүнүн эмгектеринде ракетага керектүү космостук ылдамдыкты камсыз кылуу үчүн ракеталык поезддин зарылдыгын көрсөткөн. Муну биз азыр көп баскычтуу ракета деп атайбыз. Отуну күйүп бүткөн соң ракетанын биринчи баскычы бөлүнүп жерге түшөт. Экинчи баскычтын кыймылдаткычы ракетаны андан ары учуруп кете берет. Циолковский, космосто адам көп убакыт бою жашап жана иштеш үчүн космосто орбиталык ири станцияны түзүүнү сунуш кылган. Окумуштуу техниканын өсүшү менен сөзсүз космос өздөштүрүлөт деп эсептеген.

Ал ааламда акыл-эстүү жандыктар жашаган көп планеталар бар экендигине ишенген. Балким, жерден тышкары мындай акыл-эстүү турмуш-тиричилик болсо, анын жердеги адамзаттын деңгээлинен кыйла жогору өнүккөндүгүн болжолдогон. Циолковский адамзатты келечекте күн системасына көчүрүп жайгаштыруунун техникалык каражаттарын да сунуш кылган. Циолковскийдин ою боюнча адамдар космосту өздөштүрүү менен планетабыздын табиятына өзгөчө кам көрүүсү керек. Ушуга байланыштуу ал чөлдү сугаруу аппаратын ийгиликтүү долбоорлогон, транспорттук аба жаздыгы жөнүндөгү идеяны айткан. К. Э. Циолковскийдин ысымы адамзаттын улуу даанышмандарынын катарында эсте сакталат. Ал илимдин келечегин алдын ала көрө билген зор жөндөмү бар адам болгон. Циолковскийдин ракеталык техникага жана планеталар аралык саякаттардын теориясына арналган изилдөөлөрүн конструкторлор менен илимпоздор азыр да жетекчиликке алып келишет.

Анын даанышман ойлору иш жүзүнө ийгиликтүү ашып жатат десек болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1009, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу