Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Чырмакчылыктын көркөм көчөттөрү

Чырмакчылыктын көркөм көчөттөрү — Чырмакчылыкта деле негизинен эзелтен берки элдик мүнөзгө эгердер, төтөн, килемчиликке, өрмөкчүлүккө такай колдонулуп келинген көркөм оюм-көчөттөр сакталган. Бирок, мында бир бөтөнчөлүк көркөм көчөттөр чийге сындырылып түшөт. Тегерек тартып жумуруланбай, бурч чыгарылып берилет. Андайларга: «кош мүйүз көчөтү», «кочкор мүйүз көчөтү», «туура мүйүз көчөтү», «сыңар мүйүз көчөтү» мындай мал чарбачылыкка байланыштуу көчөт-буюмдарды илгерки чырмакчылар арбын колдонушкан.«Каркыра көчөтү», «куш канат көчөтү», «карга тырмак көчөтү», «жагалмай канат көчөтү» сыяктуу канаттууларды элестеткен түрлөрү да болот. «Ит таман», «ит куйрук», «тогуз төбө», «кырк шак», «табак оюм», «чөмүч баш», «бадам» өңдүү көчөттөр да чий чырмакчылыкта таасын колдонула берет. Андай көркөмдүктөр, айрыкча Түштүк Кыргызстанда жашаган чырмакчыларда арбын учурайт. Ошондой эле «кереге көз көчөт», «ала мойнок көчөтү», «комуз тили көчөтү», «килем көчөтү», «сайма көчөтү» жана башкалар бар. Мындай килемге таандык көркөмдүктөр чий чырмакчылыкта жүздөп саналат.

Ал эми бүгүнкү чеберлер — «гүл көчөтү» (гүлдүн байчечек түрлөрү), «атлес көчөтү» (атлес, шайынын түрү), «тынчтык көчөтү» (көгүчкөндүн жана кептердин сүрөтү), «көөкөр көчөтү» жана «кумара көчөтү» (карапа, шири) сыяктууларды уздар өз максатында колдонмо-жасалга жактарын көбүрөөк көздөшөт. Көчөттөр бири-бирине өтөт. Оюм-көчөттөр бирин-бири алмаштырат. Оюмдан көчөт, көчөттөн оюм жаралат. Бирок, бардык эле көчөттөр оюмдук милдетти аткара албайт. Деген менен көркөм кол өнөрчүлүктүн бүткүл түрүнө бирдей катыш жасайт. Ошондуктан, оюм биринчи, көчөт экинчи планда турат да, көркөмдүктүн ээси уздун бир аты оймочу деп аталат. Мына ушундай оюм жана көчөттөрдү көркөм каражаты кылып чеберлер салттуу үлгүлөргө узанышат жана узданышат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)