Чыңгыз Айтматов

Биздин Мекен таланттарга кандай гана бай!

Болгондо да зор, дүйнөлүк масштабдагы таланттарга бай...

Алардын бири - Кыргызстандын уулу Чыңгыз Айтматов.

(Михаил Шолохов)

(Чынгыз Айтматов 1928-2008) Батыш менен чыгышты бир маданий очокко бириктирген, улуттук салт-санаа - сын, тилин, дилин, өзгөчөлүгүн коргогон улуу гуманист, дүйнөгө белгилүү Кыргыз Эл жазуучусу, саясий ишмер, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, дүйнө элдерине жакшы таанымал адам Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Та - лас өрөөнүндө Шекер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кыргыз жана орус мектептеринен билим алган. Улуу Ата Мекендик согуш убагында 1942-жылы убактылуу окуусун таштап, өзүнүн Шекер айылдык советинде катчы (секретарь), райфодо налог агенти, трактор бригадасы - нын эсепчиси болуп иштеген. Анын атасы Төрөкул Чыңгыз кичине кезинде эле эрте дүйнөдөн кайтат. Ата-энеси кызматкер болгондуктан, алар Фрунзе жана Москва шаарларында жашап, окуган. Ошондуктан ал орус тилин жакшы билген. Чыңгыз атасынын ордуна үй-бүлөсүн багып, улуулардын оор жумушун эрте аткарат. Ал Бишкектеги айыл чарба институтун окуп бүтүрөт. Анын адабиятка болгон ышкысы 50-жылдары ойгонот, чыгармаларын кыргыз, орус тилдеринде жазат. Анын өспүрүм чагы согуш убагына туура келген, оор күндөрдө өзүнүн теңтуш, классташ балдары менен колхоздун ар кандай жумуштарына жардам беришкен, согушка кеткен аталарынын, байкелеринин ордун ээлеп, жеңиштин тез болушуна аракет жасашкан. Кийин Чыңгыз көптөгөн чыгармаларында өзүнүн башынан өткөн окуялар жөнүндө жазган. Бир катар чыгармалары балдар темасына арналган. Алар "Айтматовдун балдары" деген ат менен белгилүү. Анын чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган. Чыгармаларынын негизинде кино-тасмалар тартылган. Чыгармалары: "Бйринчи мугалим", "Жамийла", "Саманчынын жолу", "Бетме-бет", "Гүлсарат", "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт", "Ак кеме", "Эрте келген турналар" повесттери, "Кыямат", "Кылым карытар бир күн", "Тоолор кулаганда" (Түбөлүк колукту) романдары. Залкар сүрөткер - азыркы учурда дүйнөдө чыгармалары эң көп окул - ган авторлордун бири. Бүгүнкү күндө Данияр менен Жамийла, Асел менен Илияс, Сейде менен Ысмайыл, Дүйшөн менен Алтынай, Толгонай менен Жер Эне, Танабай менен Эдигей, Султанмурат менен Мырзагүл, Авдий ме - нен Бостон ар бир окуган окурманга белгилүү. Эгерде жазуучунун чыгармачылыгына хронологиялык жактан көз жүгүртсөк, "Бетме-бет" 1957-жылы жарык көрдү. Анан бар болгону бир жыл өтүп өтпөй Арагонду тамшандырып, "сүйүү жөнүндө дүйнөдөгү эң улуу дастан" деген баага ээ болгон "Жамийла" повести жаралды. Себеби, дал ушул повесть жаралгандан кийин анчалык көп убакыт өтпөй эле Ч. Айтматовдун "Тоолор жана талаалар повесттери" Лениндик сыйлыкка татыктуу болду. "Гүлсарат" повести үчүн СССРдин Мамлекет - тик сыйлыгы, "Эрте келген турналар" үчүн республиканын Токтогул атын - дагы, "Ак кеме" повести жана киносценарийи үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыктары, "Кылым карытар бир күн" романы үчүн кайрадан СССРдин Мамлекетгик сыйлыгын алган. Алп сүрөткердин алган сыйлык-наамдары - нын толук эмес тизмеси мына ушулар. Ч. Айтматов - Кыргыз Республика - сынын Баатыры, Эл жазуучусу, академик.

Бетме-бет повести жөнүндө

1958-жылы басмадан чыккан "Бетме-бет" повестинде жазуучу согуш мезгилиндеги элдин оор турмушун, Сейде сыяктуу карапайым кыргыз ая - лынын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөрдү, өз жанын Мекенден жогору койгон Ысмайылдын тагдырын баяндайт. Анда Ата Мекендик согуш мезгилинде кыргыз айылдары дуушар болгон кыйын турмуштун айрым элестери ча - гылдырылган. Повестте адеп-ахлакка тиешелүү маселелер козголгон. Так - тап айтканда, аскер качкынынын кейиштүү тагдыры сүрөттөлөт. Ошондо ал өз үй-бүлөсүн кыйнайт, бара-бара адамдык касиетин жогото баштайт. Акыры кара курсагынын гана камын ойлоп, өз кошунасынын, болгондо да, көп балалуу жесирдин уюн уурдап соёт. Ч. Айтматовдун чыныгы чыгармачылык ийгилиги "Бетме-бет" по - вестинен башталган. Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияга каршы эл-жерди коргоо үчүн эр жеткен азаматтар фронтко аттанды. Алар Ата Мекен үчүн өз жандарын аябай, өмүрүнүн аягына чейин салгылашыш - ты. Ал эми айылдагы кары-картаңдар, аялдар менен балдар тынымсыз эм - гектеништи. Бул согуш совет эли үчүн чоң сыноо болгон. Мына ушундай оор мезгилде коомго жат терс көрүнүштөр да болгон. Жазуучу өзүнүн чыгармасында согуш жылдарында кыргыз айлында болгон окуяны сүрөттөп көрсөтөт. Айылдын эр азаматтары душмандарга каршы кан майданга жөнөгөндө, алар менен кошо кеткен Ысмайыл өлүп калуу мүмкүнчүлүгү бар экенинен заарканып, жолдон качып келет да, кыш бою кыштагына жакын үңкүрдө бекинип жатат. Чыгарманын башкы каарманы Сейде - үй оокатка тыкан, адамгерчиликтуү, ак ниет, боорукер, эмгекчил адам. Сейденин бактысы узакка созулбады, анын бактысына со - гуш тоскоол болду. Бардык түйшүктү Сейде өз мойнуна алат, күйөөсү үйгө келгенде, баласын колуна алып отурганда, ал бардыгын унутуп, аз да болсо бактылуу болгусу келет. Ал Ысмайылды аяйт, андан ажырап жесир болуп калуудан коркот. Күйөөсүнүн эптеп күн көрүү үчүн жанын калкалап, ке - лечек жөнүндө ылайыксыз айткан сөздөрүнө алданат. Анын өз кызыкчы - лыгын көздөгөн опурталдуу жүрүш-турушуна ишенет. Сейденин эң чоң жаңылыштыгы, катасы жана кайгысы ушул. Ал көптөгөн оор нерселерди кайгы-капаны башынан өткөрөт. Таң эртеден кеч күүгүмгө чейин кара жа - нын карч уруп иштейт. Максаты жаз келгиче Ысмайылды багып, ашуу ачылганда башка жакка көчүп кетүү. Ысмайыл өз үй-бүлөсүн кыйнаганы аз келгенсип, бара-бара адамдык касиетин жогото баштайт. Акыры кара курсагынын гана камын> ойлоп, өз кошунасынын болгондо да, көп бала - луу жесирдин уюн уурдап соёт. Мына ушундан кийин Сейде Ысмайыл - дын кандай таш боор, кара ниет адам экенине көзү жетет, ал элге жат адам экенин түшүнөт. Сейде мындай адамдан кол үзүп, башын жогору көтөрүп, элге кайрылат. Бул мурдагы Сейде эмес, күчтүү, асылзаада, башкалардан артык адам экендигин далилдеген аял заты эле. Ысмайыл болсо эл алдында өз жазасын алат.

Бетме-бет повести (Үзүндү)

Кечинде, бутун араң сүйрөп, Сейде айылга кайтканда, Тотойдун са - райынын эшиги баягы эртең мененкидей эле аңырайып, кере ачылган бой - дон туруптур. Түн ичинде терезе чертилди. Башын өйдө чулгуп, чочуп кеткен Сей - де "Сен кимсиң" — деп кыйкырып жибере жаздап, анан Ысмайылдын ке - лип калганын билип, андан бетер эси чыгып кетти: "Кокуй, айыл дүрбүп жатканда, аны кайсы кудай кашайтып айдап келди, кармалат экен!". Сейде ордунан тура жүгүрүп, шашылыш эшикти ачты да, бат-бат шыбырады: - Бол эртерээк, айыл жаман! Эшикти кайра иле коюп, караңгыда Ысмайылды ички үйгө жетеледи. Терезелерди туюктап, билик күйгүзгөнгө болбойт. Ысмайыл колуна кармап турган бир нерсесин былк эттире жерге таштаганда, чочуп кеткен Сейде - нин жүрөгү да болк этип, кошо үзүлүп түшкөндөй болду. Ал эңкейе калып, жерде жаткан баштыкты сыйпалады. Колго жумшак бир нерсе урунду. Баш - тыктагы эт экен. - Сен белең? - деди заматта тамагы кургап, буула калган Сейде. - Чш, унчукпа! - Ысмайылдын көзү караңгыда жашыл от чалып, ал жакындап келип, бетке энтигип оор дем алды. - Унчукпа, ишиң болбосун! Сейде унчуккан жок. Кимдир бирөө аны көкүрөктөн алып, тээ ти - гиндей түртүп жиберген өңдүү. Ал жыгыла жаздай, отурган ордунда жер таянды. Азыр, ушул кезде, турмушундагы бардык ишенген, сүйгөнүнөн ажырап, азап, кордук тартып сактаган кишиси анын бардык жакшы тилек, үмүттөрүн жерге тебелеп, жексен кылганда, ал ордунан тура жүгүрүп, бет алган жагына, түз, кыр дебей чыңырып, кыйкырган бойдон дүйнөдөн бе - зип качып кеткиси келди. Бирок өйдө турууга чамасы жетпейт. Там астын - үстүн келип, кимдир бирөөнүн чексиз күйүттө солкулдап боздогону кулак - ты тунжураткансыйт. - Эмне олтурасың, күйгүз биликти! — дегенге Сейде козголгон жок. - Ой, эмне олтурасың, күйгүз дейм, биликти! - Эңкейип турган Ыс - майыл жанына тизелеп жылып келген Сейдени көрдү. - Ушул жетимдердин кешигине кол салгандан көрө, өзүбүздүн куна - жынды союп салсаң болбойт беле! - Былжыраба! - Ысмайыл аны ийнинен кыса кармап силкти. - Мени үйрөткөнүңдү коюп, өзүңдү бил. Заманаң бөрү болсо, бөрү бол! Ушул кезде ар ким өзүм гана тойсом дейт! Башкалар менен ишиң эмне экен, сен ач - тан өлүп бара жатсаң да, бирөө келип казаныңа аш салып бербейт... Алган алып, жулган жулат! Акмак болбо!.. Сейде сүйлөбөй, жоопсуз отурганына Ысмайылдын жини келип, оозунан отко кактап чийки жеген түтүндүү эттин жыты каңырсып, ал аялын жакасынан бурап, киркиреди: - Эмне унчукпайсың, яа! Эмне унчукпайсың, дейм?.. Мен өзүбүздүн кунажынды союп алсам, балабызга сүт кана, элдин балдары өзүңдүкүнөн артык болуп кеттиби?.. Жетишет, кышы менен калчылдап, тишимдин кирин соруп отурдум... Мен уурдайм, мен жейм, аскерден качып келип, ачтан өлөйүн деген эмесмин! Өлсө башка өлсүн, бирок мен жөн эле өлө албайм!.. Сыртта жанаша көчөдөн короз кыйкырды, ага экинчи бири канат ка - гып, үн кошту. Ысмайылдын кетер маалы болуп калды, ал ордунан турду да: - Көп сүйлөбөй, этти салып жегиле, сөөгүн көрсөтпөй жерге көмгүлө, уктуңбу? - деп тамекини аптыга соруп-соруп алып, таманына өчүрүп, чыгып кетти. Ирең-бараң таң сүрүп, үй ичи бозоруп келе жатат. Терезе улам жа - рык болгон сайын, нары мештин түбүндө, бешикти кучактап отурган чачы ак-бозала аял терезени кадала карап, бир эле жерге тигилет. Терезенин нары жагында эмнеси бар болду экен, ал эмнени карайт? Эмне үчүн анын чачы бир эле түндө агарып кетти? Чаташып, түрмөктөлгөн ойлор терезени баркырата сындырып, жерди кезип, аралап, тиги кандай, бул кандай деп түшүнгүсү келет. Ооба, мына бул кичинекей терезенин нары жагында айыл жатат, эл жатат. Анда почточу Курман бар. Ооба, Ысмайыл да бар... "Би - рок сен башкаларга окшобойсуң, сен башкачасың, жат адамсың... Өз элин ушундай жоо сайышканда таштап коргологон, акыр түбү өз элине душман болот экен да... Сени сактайм деп жүргөн экем, көрсө, ушундан сакташ керек эле..." Бирөө жанынан үшкүрүнүп койду. Бурчта отурган кемпирди Сейде эми гана көрдү. Ээгин арык тизесине жөлөп ал дагы терезе жакты карап, кызыл жээк өңү өчкөн көздөрү менен кейиштүү тигилет. Албетте, түнү ме - нен мында болуп жаткандын баарын ал угуп отурду. Сейде чапанын кийип, баласынын ороолорун жоолугуна түйүп алды. - Төркүнүңө кетесиңби? - деди кемпир. - Кетем! - деди Сейде. Кемпир мейлиң дегендей унчукпады. Баласын көтөргөн Сейде эшиктин жанына барганда, алда эмнени кыялбагандай имерилип токтой калды. Көзүнөн шоргологон жаш баласы - нын бетине тамчылады эле, бала кың этип, эриндерин чопулдатып, козго - ло түиГгү. Бирок ошол замат эчтекеден капары жок болтоюп, уктап калды. Жерде жаткан баштыкты колтугуна кысып, баласын көтөргөн Сейде босо - годон аттап, эшикке чыгып кетти. Кемпир мында да унчуккан жок. Бир аздан кийин кемпир дагы үйдөн чыгып, эшигин ачык таштаган бойдон өз бет алдынча алда кайда талаага басып кетти... Чийлүү коктуларды аралап, баласын көтөргөн Сейде, анын артынан ат минген Мырзакул, мылтыкчан эки солдатты ээрчитип келе жатышты. Жана туннелди коруган аскерлердин командири, бул эки солдатка жанаша кыш - такка барып, сельсоветтиин председателине качкынды кармоого жардам бересиңер деп буйрук берген. Сейде болсо баласын көтөрүп ушундан нары төркүнүнө кетет. Бул айылга ал экинчи кайтып келбейт. Арткараак жерде келе жаткан эки солдат өздөрүнчө сүйлөп жатышты: - Уюн уурдаткан ушул аял го, кандай дейсиң? - Ошондой болуш керек? - А-а, анда азамат экен. Акыры уурунун изине түшкөн экен да, бирок баласын таштабай, эмнеге көтөрүп келе жатат болду экен? - Аны ким билсин. Деги өзү кандайдыр соо неме эмес. Жана сельсо - вет атка минип, балаңды өңөрүп ал десе, унчукпай басып кетти. Мырзакулдар баш жагы туюк аң, майда-майда булактары бар, камыш - туу коктуга келгенде, Сейде бурулушка токтой калды. - Тээтиги жерде, камыштын арасында! - деп колу менен көрсөттү. Анан өзү купкуу болуп, алкымындагы жоолуктун түйүнүн бошото чечип, отура калып, эмне кыларын билбегендей баласын эмизе кетти. Мырзакулду ээрчиген солдаттар ошол тарапты көздөй акырын ба - сышты. Азыраак өтүп, Мырзакул аттан түшмөкчү болду эле, нары жактан Ысмайылдын кыйкырган дабышы чыкты: - Ой, Мырзакул? Кайт артыңа! Мен акыры өлгөн кишимин, сени да ала жатам! Мырзакул үзөңгүнү темине калып, ошол үн чыккан жакка кыйкырды: - Көтөр колуңду, жүзү кара! Тарс этип камыштын арасынан беш атар атылганда, ордунан секирип тура калган Сейде Мырзакулдун ат мойнуна жыгылып, жалгыз колу менен жалды тутамдай кармалап, майып колу менен беркисине жардамдашайын дегендей мултуң-мултуң этип жатып, анан акыры аттан ооп түшкөнүн көрдү. Аңгыча, таштарга бекине калган эки солдат, камышты аралата ок атып калышты. Нары жактан Ысмайылдын аткан октору ташка тийип, чу - ии, чу-ии этип четке кайып, кулак түбүнөн учкансып жатты. Тынч жаткан тоо арасы беш атарлардын үндөрүнө толуп, чуулдап кетги. Бир убакытта солдаттын бири эси чыккандай кыйкырды: - Эй, маржа, куда. Назад, назад! Убьет! Баласын колуна көтөргөн бойдон Сейде туура Ысмайылды көздөй ке - тип бара жатыптыр. Ал эчтекеден сезбегендей бет алдын тайманбай түз тиктейт. Бул учурда анын таштан чапкандай бир калыпта мостойгон кара тору жүзүнө кандайдыр ичтеги зор күч, өкүмдүү адилеттик сезилип жат - ты. Анын каар менен муң-зарга толгон көзү Ысмайылды: "Чык бери! Кел, алдыма!" - дегенсип тиктейт. Сейде ар бир кадам илгери баскан сайын, шашып калган солдаттар эмне кыларын билбей: - Эй, назад! Вернись сейчас! Вернись! - дейт. Бирок Сейде кылчайып койбостон, камышта жаткан Ысмайылга сал - мактуу басык менен жакындай берди. Тоо ичи демин тартып, тыптынч. Оозун басып, таштарга селее жар - машкан солдаттар да, бери жакта турууга умтулгандай, жалгыз колу менен жер чапчып, жүз төмөнүнөн жыгылган Мырзакул да, сур мөңгүлөрдү каба - гына түшүрө асмандан бүркөлгөн зоокалар да, айлана дүйнөнүн баары бул учурда үн чыгарбай, ок качан атылар экен, бала көтөргөн аял качан жалп этер экен дегендей, коркунучту күтүүдө. Жок мындай болууга мүмкүн эмес! Ана, камыштарды шуудурата келип, Сейдени: "Кайт, артыңа кайт!" дегендей бет алдына шамал уруп, жоолугун учурду. Аял аны билген жок. Ал азыр өлүмдү көздөй эмес, адамдын бийик касиети, адилеттиги үчүн ба - ласын керилген көкүрөгүнө кысып, башын өйдө көтөрүп, кетип бара жатты. - Стой! - деп солдаттын бири чыдай албай кыйкырып, ордунан тура калды. Ал умтулуп аялдын артынан жүгүрөйүн дедиби, бирок аңгыча бол - бой, нары камыштын арасынан боз шинели алама-жулама, бети-башын сакал баскан киши секирип чыгып, мылтыгын кош колдоп өйдө көтөрүп, аял - га калчылдап жүткүндү. Бетинен киргилт тер куюлган, капкара, түнөргөн Ысмайыл Сейдеге жакындап, бетме-бет келгенде, көзү алачакмактанып, мурунку Сейде эмес, кандайдыр башка, кандайдыр өзүнүн укмуштуу күчүн, өз артыкчылыгын, адалдыгын билип жалтанып койбостон, бала - сын көтөрүп, чачы боз-ала жылаң баш аялдын маңкайып турганын көрдү. Сейде анын көзүнө бийик жерде тургандай көрүнүп, ал өзү анын жанында кирбийгенсип, башын ийнине катып бир нерсе айтайын деп оозун чала ач - кан бойдон, Сейденин аралашкан көзүн бир карап, мылтыгын тээ тигин - дей ташка жанчып ыргытты да, колун көтөрүп, мылтыгын сундуруп келе жаткан солдаттарга корголоду.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)