Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чыңгышев Турсунбек

Баш барак | Биографиялар | Чыңгышев Турсунбек

(1942-жылы туулган, Тянь-Шань району, Төш-Булак айылы) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. Бишкек автожолтехникумун(1963), Калининград кечки машина куруу техникумун (1968), Кыргыз мамлекеттик Университетин (1975), Москвадагы Коомдук илимдер академиясын (1987) бүтүргөн. 1963-жылы Ак-Суу районунда жолмастери. 1963—66-жылы армияда кызмат өтөгөн. 1966—68-жылы Калининград (мурдагы Кёнигсберг) шаарындагы машина куруу заводунда комсомолдук ингге, 1968-жылы кайрадан армИЯГа Чакырылып, танк ротасынын командиринин орун басары, 1970-80-жылы Бишкекте комсомолдун Биринчи Май райондук, Каракөлдөгү Бүткүл союздук эпкиндүү комсомолдук курулушта (Токтогул, Күрпсай ГЭСтеринде) комсомол комитетинин, партия комитетинин катчысы, партиянын Каракөл ш-дык комитетинин биринчи катчысы.

1980—89-жылы Кыргызстан КП БКнын аппаратында өнөр жай бөлүмүнүн башчысынын орун басары, социалдыкэкономикалык бөлүмдүн башчысы. 1989—91-жылы Токмок шаарынын партия комитетинин биринчи катчысы, шаар кеңешинин төрагасы. 1991-жылдан Кыргыз Республиканын мамлекеттик катчысы (вице-премьер-министр), 1991-жылы августтан жыл аягына чейин СССР «убактылуу өкмөтүнүн» мүчөсү, 1992жылдын февралынан 1993-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республиканын премьер-министри. 1994-жылдан Гонконг эл аралык коммерциялык банкынын башкы директору. 1990-95-жылы Кыргыз Республиканын эл депутаты. «Ардак Белгиси», Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 469, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу