Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Чыныбаев Кудайберген

Чыныбаев, Кудайберген (1930-жылдары Токтогул району, Бел-Абад кыштагы.) - шахтёр, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971), СССРдин ардактуу шахтёру (1965). 1955-жылдан КПСС мүчөсү. 1950-жылдан «Капитальный» шахтасында өткөөлчү, 1970-жылдан Таш-Көмүр шахта башкармасынын «Северный» шахтасында өткөөлчүлөрдөн бригадири болуп иштеген. Анын бригадасы 8-беш жылдык планды мөөнөтүнөн мурда ашыгы менен аткарган. 1967-84-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)