Чыйкан

Чыйкан — чач капчалары менен май бездеринин жана анын тегерегиндеги клетчаткалардын ириңдүү сезгенүүсү. Ириңдетүүчү микробдордун сыйрылган, чийилген, тытылган, башкача айтканда микротравмага учураган тери аркылуу кириши; авитаминоз, зат алмашуунун бузулушу жана башкалар оорунун өнүгүшүнө түрткү болот. Демейде Ч. жалгыздан кийим өйкөгөн жерлерде, желке, бел, жамбаш, кээде бут-колго, бетке чыгат. Адегенде териде кызарган катуу бүдүр пайда болот; ал чоңоюп, ооруганы күчөйт. Оорулуунун башы ооруп, температурасы көтөрүлөт. Кызарганы өчүп, боз көгүш тартат; 3—4-күнү анын ортосу сары башыл болуп ириңдеп, кийин ал жарылып ириң чыгат. Ч-дын жарылган жеринде өзөгү (өлгөн ткандар) калат, ал 2—3- суткада кан ириң менен аралашып ажырап түшөт. Ч. кабылдап тилме, сепсис, флегмона, тромбофлебитке өтүшү мүмкүн. Айрыкча бет, мурун, эринге чыккан Ч. коркунучтуу, анткени ириң мээге өтүп, ириңдүү менингитке алып келет. Дарылоодо хирургиялык жолдор колдонулат, ошондуктан дарттын алгачкы белгилеринде эле врачка кайрылуу керек.

Ч-дын алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны сактоо, теринин кесилген, сыйрылган жерин йод, бриллиант жашылы менен дезинфекциялоо зарыл. Ч-ды өз алдынча сыгууга, ысык басууга болбойт. Анткени ал ооруну кабылдатат. Врачтын көрсөтмөсү менен марганцовкадан ванна жасаса болот. Углеводу көп тамактарды (таттуу, ундан жасалган) азыраак пайдаланып, витаминдүү тамак-аш жеп, организмди чыңдоо зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)