Чыгыш оролможылан

Чыгыш оролможылан (Eryx tataricus) – оролмолор тукумуна, tataricus уруусунун түрү. Орто Азиянын жана Казахстандын чөлдү, чополуу талааларында кенен таралган. Кыргызстанда Ч. о. Чүй, Талас, Фергана өрөөнүндө кездешет. Чээнден март айынын аягында чыгат. Күн жылуу учурда демилгелүү, андай абалы 6 айга чейин созулат. Ургаачысы эркегине караганда эки эсе чоң. Ири эркегинин дене уз. 480 мм, ургаачысынын дене уз. 997 мм. Күн өтө ысыгында алар кечкурун, күгүм талаш жана түнкүсүн демилгелүү болот. Кууту апрелде жүрөт жылына бир жолу 10-21 бала тууйт. Ч. о. пайдалуу, алар ооруу жуктуруучу жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү кемирүүчүлөр жана башка менен азыктанат. Азыркы учурда бул түрдүн саны аз, чанда жолугат, ошондуктан бул түр коргоого алынышы керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)