Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Чыгыш Каракол

Чыгыш Каракол өрөөнү - Ички Теңир-Тоодо. Карамойнок жана Орток тоолорунун аралыгында түндүк-батыштан түштүк чыгышка (Кочкор өрөөнү тарапка) созулуп жатат. Узундугу 25–30 км, туурасы 7–9 км. Басымдуу бийиктиги 2300–2800 м, эң жапыз жери 2250 м. Таманы баш жагында тепши сымал, төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмө тектерине толгон түздүк. Климаты континенттик кургак. Январдын орточо температурасы –10°...–12°С, июлдуку 12–14°С. Жылдык жаан-чачыны 250–350 мм. Өрөөн аркылуу Чыгыш Каракол суусу жана анын куймалары агат. Талаа (бетегелүү-шыбактуу, 2600 мге чейин), бадалдуу-шалбаалуу талаа (2600–2900 м), субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (2400 – 3600 м), нивалдык-гляциалдык ландшафттар басымдуу. Кочкор ойдуңуна чектеш жаткан төмөнкү бөлүгү сугат жана кайрак дыйканчылыгында, чабынды катары, ал эми батышы жана тоо капталдары жайыт катары пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)