Чума

Чума (латын тилинин pestis деген сөзүнөн келип чыккан, жугуштуу дегенди билдирет) - карантиндик инфекциялар группасынын, кызуу табигый-очоктуу инфекциялык оору. Оору жалпы оор абалда өтүп, адамды калтыратып, лимфотүйүндөрдү, өпкөнү жана башка ички органдарды кыйратып, көп учурда сепсисдин (оору кыла турган микробдун канда көбөйүп, организмге толук тарашы) күчөөсү менен коштолот. Чума оорусу адам өмүрүнүн алып кетүүсүнүн чоң мүмкүндүгү жана абдан жугуштуулугу менен мүнөздөзөт.

Оорунун табият очогунда чуманы козгогучтар жана алып жүрүүчүлөр катары көбүнчө кемирүүчүлөр болот - суурлар, момолой чычкандар, боз жана кара крысалар, кээде үй чычкандары, ошондой эле мышыктар жана төөлөр. Ал эми козгогучтардын алып жүрүүчүлөрү ар кандай түрдөгү бүргөөлөр болот.

1894-жылдын июль айында француз Александр Йерсен жана япон Китасато Сибасабуро адамдары тарабынан ачылган козгогуч катары чума таякчалары эсептелет (Yersinia pestis).

Инкубациялык мезгил (оорунун организмге кирип, биринчи белгилери пайда болгонго чейинки мезгил) бир нече сааттан 3-6 күнгө чейин созулат. Чуманын көп таралган формалары бул - бубондук жана өпкө чумасы. Мурда бубондук чуманын "адам баласынын өлүмгө алып келүүсү" - 95 пайызга жеткен, ал эми өпкө чумасы 98,99 пайызга чейин болгон. Азыркы учурда туура даарылануу шарттарын колдонгондо өлүмгө алып келүүлөр 5-10 пайызды түзөт.

Кээ бир изилдөөчүлөр арасында чума оорусу 2000-3000 жыл мурда псевдотуберкулездун мутациясынын натыйжасында пайда болгон деген ойлор айтылган. М. В. Супотницкий өзүнүн монографиясында чума эпидемиясы жөнүндө биздин заманга чейин 1200 жылдары башталган деген цитаталары бар.

Чума оорусунун эң атактуусу, айтылуу "Юстинианов чумасы" болгон (551-580-жылдар). Эпидемия Чыгыш Рим империясында пайда болуп, жакынкы чыгышты толук кучагына алган. Ал кездеги чума оорусунан 20 миллиондон ашык адам көз жумган.

Чума оорусунун козгогучтары төмөнкү температураларга туруктуу келип, нымдуу жерде жакшы сакталат. 55 градустагы температурада козгогучтар 10-15 мүнөттүн ичинде өлүмгө учурайт. Ал эми кайнатканда ошол замат жок болот.

Негизги жугуу жолу бул - тери (көбүнчө бүргөө чакканда), дем алуу органдарынын былжыр чели жана башкалар.

Бубон чумасы - адам баласында башка чумаларга караганда көбүрөөк кездешүүчү чуманын формасы. Өзгөчө коркунучтуу инфекция ооруларынын биринчи катарында тургандардын бири десек ашык болбос. Бубон чумасы козгогучтун тери аркылуу киргенде өнүгүп-өрчүп, лимфотүйүндөрүнүн (бубондор) сезгенүүсү жана оорутуусу менен мүнөздөлүп, көбүнчө чатка жана кээде колтуктун астына чыгат. Адам баласын калтыратып, өзгөчө интоксикация аркылуу өтөт. Инкубациялык мезгил 2-6 кээде 1-12 күнгө чейин.

Адамдан адамга жугуусу шартка ылайык аба аркылуу жугуп, өпкө чума формасынын өрчүшүнө алып келет. Ошондой эле өпкө чума формасынын өрчүп кетиши бубон чумасынын оор формасына алып келет, башкача айтканда чума пневмониясына айланат.

Чума оорусунун эпидемиялуу дүйнө өлкөлөрү жана региондоруна Въетнам, Мьянма, Боливия, Эквадор, Туркменистан, Каракалпак, Кыргызстан кирет. Бирок ушуга карабастан жыл сайын чума оорусунан көз жумгандардын саны орточо эсеп менен 2500 адамды түзөт жана бул адамдар дүйнө жүзүнүн ар кыл жактарында.

Алдын ала чаралары: кемирүүчүлөрдөн алыс болуу, үйдөгү крыса жана чычкандардан арылуу, бүргөгө каршы ит-мышыктарды жана үй ичин дезинфекциялоо. Ар кандай кемирүүчүлөрдү балдарга карматпоо жана алардан алыс болуу боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)