Чоор

Чоор деген түшүнүк менен элибизде көптөгөн үйлөмө музыкалык аспаптар аталат жана колдонулат. Мисалы, чопо чоор, чогойно чоор, балтыркан чоор жана жөн эле чоор. Бул чоорлор бири-биринен эмнеден жасалганына жана түзүлүш өзгөчөлүктөрү боюнча айырмаланат. Чопо чоордун сырткы түзүлүшү топ сымал болуп, чоподон, гипстен жасалат. Аспаптын үн өзгөртүүчү эки кичине көзөнөгү жана чоорчу үйлөп үн чыгаруучу оозу бар. Чопо чоордун добуш тембри ышкырык үнүнө окшош. Чогойно чоор, ышкырык чоор жана балтыркан чоор чатыр гүлдүүлөр түркүмүндөгү өсүмдүктөрдүн көңдөй сабагынан жасалат. Алар бири-биринен үн өзгөртүүчү көзөнөктөрүнүн саны, үн чыгаруу ыкмасынын өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Сары жыгач, бөрү карагат жана шилбинин сөңгөгүнөн жасалган кыргыз чоорлору эң кеңири таралган.

Түзүлүш өзгөчөлүгү, жасалышы боюнча бир топ татаалдыгы менен айырмаланат. Үн өзгөртүүчү көзөнөгү төртөө, аспаптын сыртына майда жандыктардын ичегиси капталып коюлат. Эки жак учуна мүйүз же жез шакек кийгизилет. Чоордун узундугу 580-600 миллиметрге барабар. Чоорду көбүнчө койчулар, жылкычылар колдонгондуктан анын репертуарынын негизин «Койчулардын коңур күү» , « Жылкычынын чоор күү», «Койчунун күүсү», «Чоор күү» сыяктуу күүлөр түзөт.

Аспапта аткарылган күүлөрдүн көбү өтө уккулуктуу келип, терең мазмуну, угуучунун ички дүйнөсүн толкундата алган таасирдүүлүгү менен айырмаланышат. Аларга элибиздин турмушунун түрдүү жагдайын таамай чагылдыруу, эстетикалык жактан жеткилең иштелгендик мүнөздүү. Чоор күүлөрү мына ушунусу менен кызыктуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)