Чоңкой сымап кени

Чоңкой сымап кени Ош облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан түндүк-чыгышта, Карачатыр тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 1240–1300 м бийиктикте. Кен 1950-ж. табылган. 1951 – 1982-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кендин аймагын кембрий, силур, девон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ жана жанартоо чөкмө тектери, аларды жиреп чыккан интрузиялар түзөт. Ал тоотектер бүктөлүүлөргө дуушарланып, чоңкой антиклиналь структурасын түзүп жатат. Бул структура чоңкой жана улуутоо жаракалары менен тилмеленип, татаал, майда блокторго бөлүнгөн. Жаракалардын кесилишкен жерлеринде сымаптуу серпентинит жана лиственит линзалары кездешет. Кен көп фазалуу татаал гидротерм процессинен пайда болуп, негизинен киноварь, пирит, хромит, халькопирит, марказит, миллерит, арсенопирит ж. б. минералдардан турат. Көбүнчө листвениттин үч тилкесинде жайгашып, узундугу 1,5–5 км, эни 3–80 м. Кендин тулкусу тарам, тарамча жана линза сымал. Чонкой сымап кени – Түштүк Фергана сурьма, сымап кырчоосундагы кендердин ириси. Кен терең шахталар менен казылып алынууда. Сымаптын орточо өлчөмү 0,274%. Руданын С1+С2 категориясы боюнча запасы 8927,7 миң т, сымаптыкы – 24419 т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)