Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чоңбашев Сыдык

Баш барак | Биографиялар | Чоңбашев Сыдык

(1897, Маман айылы, Түргөн болушу, Каракол уезди; азыркы Ак-Суу району, «Арашан» с-зу -1938, Бишкек; сөөгү 1991-жылы кайрадан «Ата-Бейит» көрүстөнүнө коюлган) - Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери. 1909—13-жылы Каракол бапггапкы жогорку окуу жайын окуп бүтүргөн. 1913—19-жылы Каракол почтателеграф мекемесинин кызматкери. 1919—20-жылы Кызыл гвардиячы; түндүк Жети-Суу, Жаркент фронтторунда; ак казак орустарга каршы Граждандык согушка катышкан. 1919-жылы большевиктер партиясына өткөн. 1921—22-жылы Каракол уездик-шаардык комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.

1921—23-жылы Жети-Суу облревкомунун жана облаткомунун мүчөсү. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу уюшулгандан тартып, округдук Партбюросунун мүчөсү. 1924—26-жылы Пишпек округунун ревкомунун төрагасы. Кара-Кыргыз автономиялуу облустук ревкомунун төрагасынын орун басары, Каракол - Нарын округдук аткомунун төрагасы. Ч. 1924-жылы партиянын округдук комитетин катуу сынга алат да, ага ишенич жоктугун элге билдирет. Ошондон тартып ал куугунтукка алынат. Ишинен алынып, РСФСР Мамлсоодасынын Кыргызстан боюнча башкаруучунун орун басары болуп дайындалат. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Суу чарба башкармасынын начальниги, андан соң Москвага окууга кетет.

1927-30-жылы Москвадагы Сталин атындагы Соода Академиясында, Эл чарба экономикалык институтунда окуп, 1929-жылы Соода Академиясын, 1930-жылы Эл чарба экономикалык институтун бүтүргөн. 1931—34-жылы Кыргыз АССР Г осмамлпланынын төрагасынын орун басары, Эл чарба борбору комитетинин төрагасы, Жеңил өнөр жай эл комиссары. 1934—36-жылы чарба иштеринде. 1935-жылы партиядан чыгарылган, 1937-жылы камалып, 1938-жылы атылган.

Азыркы мезгилде анын ысмы Кыргндын тарыхына кайрадан кирүүдө.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 460, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо