Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чолпонбек Базарбаев (1949-2002)

Баш барак | Биографиялар | Чолпонбек Базарбаев (1949-2002)

Чолпонбек Базарбаев (1949-2002)Кыргыз балет артисти - Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы Кочкор районунун Чолпон айлында төрөлгөн. Анын бийчилик шыгы 5 жашында эле байкалган. Ал алгач Ленинграддагы А.Я. Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайынан келген педагогдордун сынагынан өткөн. Бирок ата-энеси аны алыскы шаарга жөнөтүүгө макул болгон эмес.

Кийин 1959-жылы Чолпонбек үчүнчү классты бүтөөрдө кайрадан республикалык хореографиялык окуу жайы сынак жүргүзүп, ага катышкан көп окуучулардын ичинен бир эле окуучу тандалды. Ал Чолпонбек эле. Ошондон кийин анын жан дүйнөсүндө бийге болгон кызыгуу жаралат. 1967-жылы Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык - хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Андан соң А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти болуп иштеп жүргөн мезгилде Москва академиялык хореографиялык окуу жайына жөнөтүлгөн.

Эмгекчил, таза, сылык өскөн Чолпонбек коомдук иштерге, спорттук оюндарга да катышууга жетишкен. Философиялык жана дүйнөлүк көркөм адабий чыгармаларды үзбөй окуган. Ал кыргыз улуттук жана классикалык бийдин техникасын жогорку денгээлге жеткире билген. Мисалы: М. Раухвергердин Чолпон, П. Чайковскийдин Аккуу көлү, Уйкудагы сулуу, А. Адандын Жизель, А. Хачатуряндын Спартак, Ф. Шопендин Шопениана, Э. Аристакесяндын Прометей, Б. Асафьевдин Бахчысарай фонтаны, Н. Нурымовдун Өлбөстүк жана башка көптөгөн чыгармалардагы түркүн мүнөздөгү образдарды өзгөчө чеберчилик менен аткарган.

Франция, Сирия, АКШ, Швейцария, Кытай, Япония, Италия, Югославия, Швеция жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. Ошондой эле ал чыгармачылык менен гана чектелип калбай, коомдук, мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1991-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын генералдык директору, 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары, ошондой эле 1987-жылдан бери Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп келген. 1979-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти, ал эми 1982-жылы СССРдин эл артисти наамы ыйгарылган. 2002-жылы дүйнөдөн кайткан.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2965, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу