Чолпон-ата шаары

Чолпон-ата шаары 1930-жылдары түптөлүп, 1975-жылдан баштап шаар статусуна ээ болгон. Ысык-Көл районунун борбору. Жеринин бети дөбө-дөңсөлүү, Ысык-Көлдү көздөй жантайыңкы жайланышкан. Ошондой эле ачык суулар жана майда кокту-колоттор менен курчалган. Батыш бөлүгү салыштырмалуу тегиз келет. Бул өрөөн дениздик мелүүн климаты, дары баткак кендери, минералдуу суулары менен белгилүү. Чолпон-ата шаарында көптөгөн санаторий (Чолпон-ата, Көгүлтүр Ысык-Көл ж. б.), эс алуу үйлөр, кургак учукка каршы балдар санаторийи, көптөгөн пансионаттар жайгашкан.

Ден-соолукту чыңдоо мекемелеринен жылына миндеген адамдар ден-соолугун чындап, эс алып турушат. Эмгекке жарамдуу шаар калкынын дээрлик бардыгы санаторий, курорт, эс алуу мекемелеринде, транспорт, курулуш менен байланыш, соода ошондой эле коомдук тамактануу жайларда эмгектенишет. Шаардын экономикасынын бирден-бир негизин курорттук зона түзөт. Чолпон-ата шаарында 3 жалпы орто билим берүү мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери бар. Шаардын көрүнүшү маданият үйү, тарых музеи, китепканалар, оорукана, санэпидстанция, ошондой эле бейтапканалар орун алган. Шаарда Чолпон-ата аэропорту жайгашкан, ал Кыргызстандын кыргыз аба жолдору улуттук авиакомпаниясына карайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)